Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл элине «Ихсан Хайрия» кайрымдуулук фонду тарабынан ыйык Рамазан айынын урматына, көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берилди.
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы “Ихсан-Хайрия” кайрымдуулук фонду менен бирдикте Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу астында, ыйык рамазан айында муктаж үй-бүлөлөргө тамаш-аш себетин тапшырышты.
Тамак-аш себети абдан керектүү болгон май, чай, кум шекер, күрүч, кесме жана ун азыктарынан турат.
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы жана айыл тургундары “Ихсан-Хайрия” кайрымдуулук фондуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирүүдө.
Турсун Омуралиева