Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин окуучулары жана мугалимдер жамааты Бишкек шаарында жайгашкан А.Умуралиев атындагы драмалык театрга барышты.
Бул боюнча Кесиптик лицейдин мугалими Чынара Алиева билдирди:
«Акыркы жылдарда кыргыз театр искусствосу кайрадан жанданып, коомчулук спектакль көргөнгө агылууда. Бул убакка чейин жаштардын театрга кызыгуусун көргөн эмесмин. Бул жакшы жөрөлгө деп билемин. Чыныгы маданият бул театрда эмеспи. Ал эми бүгүнкү театрда драматург Бексултан Жакиевдин «Саадак какты» драмасы коюлду. Актёрлор мыкты аткарышты. Театрга биздин окуучулар кызыгат деп эч ойлогон эмесмин. Бирок окуучуларыбыз ар бир актердун кыймылына, сөзүнө маани беришип көрүп отурушту. Чындыгында көрүүчүлөргө ачкөздүктү, чыккынчылыкты, саткындыкты, бир туугандар ортосундагы мамилени театрдын актерлору чеберчилик менен көрсөтүп бере алышты. Жол карата жаштар менен биз дагы турмуштагы көйгөйлөрдү, анын туура чечилишин анализдеп, талкууладык».
Турсун Омуралиева