Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде химия сабагынан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимиТурганбаева Нурила жана ушул сабактан предметтик олимпиадага катышкан окуучулары тарабынан «Акыл ордо» конкурсу болуп өттү. Конкурска 9-11-класстардын окуучу кыздары катышты.

Гүлзат Азатбек кызы
Конкурстун уюштуруучуларынын бири, 11-класстын окуучусу Гүлзат Азатбек кызы:«Аталган конкурсту химия сабагынан предметтик олимпиадага катышкан окуучулар уюштурдук. Биздин башкы максатыбыз окуучулардын химия сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана өтүлгөн темаларды бышыктоо. Жеңүүчүлөр грамота жана китептер менен сыйланышты. Мындай конкурстарды дагы өткөрөбүз деген оюбуз бар, кийинки конкурсту декабрь айында өткөрүүнү белгилеп жатабыз».

Азима Шакирова конкурстун жеңүүчүсү
Конкурста 1-орунду ээлеген 10-класстын окуучусу Азима Шакирова буларга токтолду:
«Конкурс абдан кызыктуу өттү. Негизинен суроолор орто татаалдыкта түзүлүптүр. «Акыл ордо» конкурсуна билим деңгээлимди сынайын деп катыштым. Жыйынтыгында 1-орунду ээледим. Мындай конкурстар мектепте тез-тез өткөрүлүп турса деп ойлойм. Уюштуруучуларга чоң рахмат! ».

Нурила Турганбаева-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими


Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо учуру

Конкурстун уюштуруучулары жана катышуучулары
Фарида Шарыпжанова