Бүгүн, 2025-жылдын 30-июнь күнү, Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылынын Турусбек орто мектебинде 2024-2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат, күбөлүктөрдү тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул салтанаттуу иш-чарага мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, ата-энелер жана айыл тургундары катышып, окуучулардын кубанычына тең ортоктош болушту. Бүтүрүү аземи мектеп жашоосунун бир этабынын аякташын жана чоң жашоого кадам таштаган маанилүү учурду белгиледи.

Жогорку жетишкендиктер жана ийгиликтер:
Быйылкы жылы Терек-Суу орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү жогорку көрсөткүчтөргө жетишти:
* 9-класстын жалпы бүтүрүүчүлөрүнүн саны 81 болсо, анын ичинен 11 окуучу кызыл күбөлүккө ээ болду. Бул алардын терең билимин жана тырышчаактыгын айгинелейт.
* 11-класстын 45 бүтүрүүчүсүнүн ичинен 10 окуучу кызыл аттестат алды. Бул жогорку жетишкендиктер окуучулардын билимге болгон өзгөчө умтулуусун жана мугалимдердин үзүрлүү эмгегин көрсөтөт.
Жалпы республикалык тестирлөөдөгү мыкты натыйжалар:
Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) 33 окуучу катышкан. Алардын ичинен 20 окуучу босого баллдан ийгиликтүү өтсө, калган 13 окуучу ортодон жогорку баллга татыктуу болушкан. Бул мектептин окуучуларынын жогорку окуу жайларына тапшырууга даярдыгын айгинелейт.
Өзгөчө айта кетчү нерсе, ЖРТда эң жогорку балл алган окуучулар:
* Урматбекова З. – 195 балл
* Анжыров А. – 171 балл
* Ниязкулова А. – 159 балл
* Токтосунова Б. – 155 балл
* Сабырбекова Э. -150 балл
* Камчыбекова Б. -149 балл
* Жумаказиева А.- 146 балл
* Замирбекова А. -139 бал
* Камчыбекова З. -139 балл
Бул окуучулар өздөрүнүн билимдүүлүгү жана талыкпаган эмгеги менен мектепке сыймык алып келишти.

Мектеп директору Дөөлөтбек Кожомуратов өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга келечектеги жашоосунда ийгиликтерди каалады. Мугалимдер окуучулардын билим алуудагы аракетин жана өжөрлүгүн белгилеп, алардын келечеги кең болоруна ишенимин билдиришти. Ата-энелер да балдарынын жетишкендиктерине сыймыктанаарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.


Аттестат тапшыруу аземи куттуктоолор менен коштолуп, бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын жакындарынын эсинде өзгөчө күн катары сакталып калмакчы. Бул күн бүтүрүүчүлөр үчүн жаңы максаттарды коюп, аларды багындырууга шык берген күн болду. Бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчилери Төрайым Эстебесова жана Азема Кудуева жалпы бүтүрүүчүлөргө келечектеги ийгиликтерди каалап, турмушта мыкты инсан болоруна, элибиздин керегине жараган патриот уул-кыздары болушуна тилектеш экенин баса белгилеп кетишти. Ошону менен бирге жалпы коллективге ынтымак, ден соолук жана ийгилик каалап, көңүлдүү эс алуу каалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Даярдаган: Азема Кудуева.