Түп районунун Токтоян айылыдагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде “Илим жана техника” жумалыгы болуп, сынак жарыяланды. Бул сынакта окуучулар өзү кыймылдоочу техникаларды даярдашып, сүрөттөрдү тартышты. Конкурстун жыйынтыгында класстарга орундар берилди.
Мектеп окуучусу Ахмет Шайыков дивидинин жабдыктарынан кагаз кесүүчү кичи машинка даярдап келген.

“Мен башында дробилканын макетин жасап жаткам. Жасап жатып кагаз кесүүчү машинка оюма келип, ушул кыймылдоочу машинканы жасадым”, — деди Ахмет.
8-классынын окуучусу Ибрагим Жеңишов дробилканын моделин жасаган.
“Менин негизги оюм жараксыз нерсени жаратуу эле. Ал оюм ишке ашты”, — деп Жеңишов.

Окуучулардын жасаган эмгектерин баалоо үчүн атайын мугалимдер тарабынан комиссия түзүлүп, алар тараптан орундар берилди. 1-орунду 8-классынын окуучулары, 2-орунду 6-классынын окуучулары, ал эми 3-орунду 10-классынын окуучуларын алды.
Даярдагандар: Рүстөмова Бермет, Мукашова Нурпери
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн