Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борбору ачылганына 7-февралда төрт жыл болду. Бул даталуу окуяга байланыштуу мультимедиа борборунун төрт жыл аралыгында аткарган иш-аракеттери боюнча сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
2013-жылдын 7-февралында Кара-Суу айылында жамааттык мультимедиа борбору ачылган. Жаматтык мультимедиа борбору айылда болуп жаткан окуялар, жашоо-турмуш тууралуу өз сайтына жаңылыктарды чыгарып, жергиликтүү радио түйүн аркылуу тургундарга кабарларды угузуу менен алектенет.
Ачылганына төрт жыл болгон мультимедиа борбордун көргөзмөсүндө бул жылдар аралыгында «Ак кептердин» эмнелерге жетишип, кандай иш-чараларга катышканы жана аткарганы боюнча фотосүрөттөр коюлду.
Көргөзмө Кара-Суу орто мектебинин фойэсинде ачылды.











