Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас атындагы орто мектебинде 11-февраль күнү зоналык волейбол мелдеш болуп өттү. Манас мектебинин балдар жана кыздар курамалары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, райондук баскычка жолдомо алышты.
Бул мелдеште Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак 1, Андарак 2, Манас, Сары-Дөбө, Б.Саттаркулов, Боронбаев орто мектептеринен кыздар жана балдар волейбол курама командалары келип, өз мектептеринин намысын коргошту.
Алгач оюндар кыздар арасында өтүп, финалдык беттеште Манас орто мектеби менен Андарак 1 орто мектеби күч сынашты. Жыйынтыгында Манас атындагы орто мектеби утуп чыгып райондук турга жолдомо алды.

Балдар арасында финалда Боронбаев орто мектеби жана Манас орто мектеби мектеби 1-орун үчүн күч сынашты. Оюнда Манас орто мектеби күчтүүлүгүн көрсөтүп, райондук оюнда өз мектебинин намысын коргомокчу.

Волейбол беттешинде утулуп калган Боронбаев орто мектебинин кыздар командасынын оюнчусу Гүлнур Сүйөркүл кызы атаандаштар чындыгында күчтүүлүк кылганын айтат:

«Бүгүнкү оюн өтө кызыктуу өттү. Себеби атаандаштарыбыз күчтүү командалар экен. Бул жылы даярдыктар жакшы болду эле. Анан адам көп болгондугуна байланыштуу сүрдөдүк. Келерки жылдары жеңгенге аракет кылабыз», — деди Боронбаев мектебинин волейболчусу Гүлнур.
Бул күнү райондук турга жолдомо алган Манас атындагы орто мектебинин окуучусу Осмон Набиев сүйүнүчүн мындайча бөлүштү.

«Биз бул мелдешке сентябрь айынан бери даярданганбыз. Эми райондук мелдештерге дагы да болсо катуу даярданабыз», — деди Набиев.
Манас атындагы орто мектебинин спортчулары 2015-2016-окуу жылы райондук турда 2-орунду камсыз кылган эле.
Даярдаган: Амина Жанибекова
Сынак үчүн
НЖ