Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндөгү айыл аттарынын келип чыгыш тарыхы боюнча Сары-Дөбө мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мария Кудайбердиева, тарых мугалими Төрөкул Убайдуллаев ошондой эле Манас орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асия Сулаймановалар менен маек курдук. Материал алардын сөздөрүнүн негизинде даярдалды.
Сумбула
Илгери каракчылар бир айылды басып кирет. Ошол айылдын Зулпу аттуу ажарлуу сулуу кызы, кыздар менен качып жөнөйт. Бир зоого барып, токтоп калат. Ошондо каракчылардын колуна түшкөндөн көрө өлгөнүбүз артык деп өздөрүн зоодон таштап жатканда чачтары зоого асылып калып, өздөрү жерге түшүп ташка айланып калышат. Ошондон улам бул жерди ”Зулпу чач” деп атап кийин Сумбула аталып кеткен деген элде нагыз кеп бар.

Сары-Дөбө
Кышында да, жазында да дөңдөр, дөңсөөлөр сары болуп тургандыктан бул айыл ”Сары-Дөбө” деп аталып калган.
Тагайберди уруусу ушул жерге алгач келгенде зарлап араң жеткендиктен улам ”Сары-Дөбө” айылы деп атап коюшкан деген да кептер айтылып калган.

Искра
Советтер союзу учурунда коммунисттик партиянын “Искра” аталышында гезити болгон. Ошол гезиттин атынан Искра айылы деп коюлган.
Мурда “Учкундан жалын тутанат” деген элибизде сөз болгон. Ал эми учкун искра деген сөздү түшундүрөт. Ушуга байланыштуу “Искра” айылы болуп аталып калган деген да маалыматтар эл арасында айтылып келет.
Андарак
Илгери бул айылда эч нерсе болгон эмес. Болгону он гана дарак болгон. Ошондон кийин он дарак “Андарак” айылы деп аталып калган.

Көк-Таш
Бул айыл алыстан караганда таштары көк болуп көрүнгөндүктөн ”Көк-Таш” айылы деп аталып калган.
Даярдаган: Берметай Каныбек кызы
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн