Акыркы учурда мектеп окуучулары Интернет клубдарга барып, комьютердик оюдарга убактысын көп коротуусу адатка айланып калды. Балдарынын сабакка барбай, башка иш менен алек болуп жүргөнүн ата-энелер байкабай да калышат. Ушул маселе тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын айрым тургундарына суроо узаттык.
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Акбермет Н. менен маектештик.
-Азыркы учурда жаштар Интернет клубдардан, негизи эле Интернеттен кандай пайда алышат?
— Менин оюмча жаштар Интернетти туура эмес пайдаланып жатат. Азыркы учурда техника тез өнүгүп, бирок жаштар техниканын тескери тараптарын дагы алууда. Интернетке жаман сүрөттөрдү жүктөп жатышат. Мунун аң сезимге зыян жагы бар.
— Сиз дагы Интернет клубдарга киресизби жана эмне максатта колдоносуз?
— Интернет клубдарга кирип турам, бирок көп эмес. Көбүнчө маалымат алганы кирем.
— Сиздин туугандарыңыз же болбосо инилериңиз Интернет клубдарга кирип, убактысын туура эмес пайдаланышабы?
— Өзүмдүн тааныштарымдын балдары Интернет клубдарга өтө көп кирип, болбогон оюндарга бош убактысын коротушат. Ал убактысын ден соолугун чындаш үчүн, билим деңгээлин өстүрүү үчүң керектүү, кызыктуу китептерди окушса болот эле деп ойлойм.
Уч Коргон айылынын тургуну Олиев Леша 7 баланын атасы.
-Сиздин балаңыз компьютердик оюдарга кызыгабы?
-Жок менин балдарымдын баары Россияда эмгектенет.
-Сиз кечке компьютердик оюндарда отурган балдарга кандай карайсыз?
-Албетте, бул кылгандары тура эмес.
-Алар акчаны кайдан алат?
-Ата-энелери көзөмөлү жок акча беришет. Алар ата-энелерине — мен мектепке кеттим деп компьютерге кетет.
Балдарды кантип окууга кызыктырсак болот деген суроого БАТМУУнун орус тили боюнча болочок мугалими Медер Суюнов мындай деп жооп берди:
— Негизинен мектеп окуучуларын окууга кызыктыруу үчүн сабактарды жаңыча методдор менен өтүш керек. Ар бир мугалимдин өзүнүн методу бар. Кээ бир мугалимлердин сабактарына кызыгып катышат. Ал эми башка мугалимдердин сабагына киргиң да келбейт. Себеби сабакка кызыктырган мугалим ар бир окуучу менен иштейт, баланын мүнөзүнө жараша мамиле жасайт. Азыркы замандын талабына жараша сабактарды өтсө ошондо окуучулар сабакка кызыкмак.
Ушул эле суроого Манас ата орто мектебинин окуучусу Азиз Курбанов мындай деп жооп берди:
— Окуүчулардын Интернет клубдардан алысташтырып сабакка кызыктырыш үчүн мугалимдерге кайрылуу керек. Себеп дегенде мугалимдер сабактарын кызыктуу кылып өтүп, жаңы маалыматтарды берип өтсө, менин оюмча клубга барбай калса керек.
Балдарга бош убакыт калтырбаш керек. Балдарды Интернет клубдан алыстатыш үчүн ата- эне да чоң роль ойнойт. Себеби бала үйгө барганда ата-эненин карамагында болот. Окуучу саат 8:30 окууга келип саат 2 ге чейин мектепте, андан кийин окуучу үйгө барышы шарт. Бала акча сураганда ата- эне сурактабай бере бербеш керек, көзөмөлдөш керек.
Авторлору: Мырзайым Назиржан кызы, Бексултан Темирбаев