2014-жылдын 27-майында Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кеңсесинде, айыл башчысы Ахматжан Абдурахманов, орун басары Мастура Якубова, жаштар комитетинин төрагасы Азиз Нурмаматов жана ЮНЕСКО уюмунун өкүлү Валентина Галичтин катышуусунда жыйын болуп өттү. Анда Уч-Коргон айылындагы жамааттык медиа борборун өнүктүрүү боюнча талкуу болду.
Жаштар комитетинини төрагасы Азиз Нурмаматов, медиа борбор Уч-Корогон айылындагы суу, жер, жол сыяктуу маселелерди тез тез чагылдырып турат. Ошондой эле жаштардын өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет, себеп дегенде алар ар кандай маселелерди чагылдырып, өздөрү дагы көп нерселерди үйрөнүшөт.
Ал эми Мастура Якубова, ар дайым жаштарга жардам берээрин жана колдоорун белгиледи. Эгерде каражат жагынан жардам керек болсо, колдоорун айтты.
«Жаштарды колдоо багытында, Уч-Коргон айылында спорттук оюндарды да өнүктүрүп жатабыз. Футбол майданчасын курдук. Негизинен биз түрдүү долбоорлорду колдоп беребиз. Бизге келген сунуштарды четке какпайбыз» — дейт Мастура Якубова. Азиз Нурмаматовдун айтымында, медиа борбор спорттук аянтчанын жоктугу тууралуу маалымат жазышкан эле. Ушундан көп өтпөй эле жергиликтүү эл биригип, жогоруда айтылган спорттук аянтчанын курушкан.
Ал эми Айыл өкмөтүнүн башчысы Ахматжан Абдурахмановдун айтуусунда, медиа борбор азырынча абдан курч маселелерди көтөрө элек. Ошол эле учурда, айыл башчысы ар кандай сын пикирлерди, кабыл алууга жана, маселени чечүүгө даярдыгын айтат. «Учурда медиа борбордун ыңгайлуу иштеши үчүн атайын бөлмө берип, ал жерде ремонттук иштер жасалууда. Буюрса июндун аягына чейин борборду ошол жерге көчүрүүнү пландап жатабыз» — деп, арканды алыс таштаган демилгеси менен бөлүштү.
Бул медиа борборду келечекте маалымат каражаты кылып каттап, жергиликтүү жамааттык радио катары колдонуу максатыбыз бар дейт Мастура Якубова .
Айылдын актуалдуу маселелеринин бири тил маселеси. «Негизинен Уч-Коргон айылында 62 пайызы тажик улуттары калган 38 пайызы кыргыз, өзбек, ж/б улуттар жашайт. Биз ушул улуттар арасында достукту бекемдөө максатында түрдүү иш чараларды өткөрүп жатабыз» — дейт Азиз Нурмаматов.
Авторлору: Азиз Курбанов, Айпери Насирова.