Баткен облусунун, Үч-Коргон айылынынын жамааттык мультмедиа борборунун өкүлдөрүнө 2014-жылдын 26-27-майында жарандык журналистика атуулдук көз карашты калыптандыруу деп аталган аталган семинар өткөрүлдү. Бул иш чара Алматыдагы ЮНЕСКО бюросунун колдоосу менен, Европа Шаркештиги, БУУнун «Социалдык акыйкаттуулук жана акниет башкаруу» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Окууну Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчиси Мэри Бекешова өттү.
Окууда жарандык журналистика деген эмне жана журналистиканы өнүктүрүү жолдору, мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берилди.
Алматыдагы ЮНЕСКО бюросу тарабынан ишке ашырылган «Айылдын үнү» жана «БУУнун жаңылыктары» деген аталыштагы мобильдик телефон үчүн жасалган сайтты колдонуу жана аны айылдын башка тургундарына таратуу боюнча практикалык иш өттү.
«Мультмедиа борборунун сайты үчүн кабар жүктөө, ошол темаларды кантип тандоо жана элге кызыктуу кылып жеткирүүнү үйрөндүк» -дейт Маниров Улан.
Катышуучулардын айтымында мындай семинарлар жаштарды оюн эркин айтууга, өзүн коомдук жайларда алып жүрүүгө, башка адамдар менен баарлашууга, билимин, кругозорун өстүрүүгө жардам берет.
Окуу учурунда, балдарды китеп окууга үндөө, жергиликтүү башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо жайларынын тейлөө сапаты, мектептердин билим деңгээли, жаштардын компьютердик оюндарга ашыкча берилүүсү, жаш таланттар, үй бүлөнү пландоо жана башка маселелер айтылып, аларды чагылдыруу жолдору талкууланды.
«Биз мындан ары талыкпай аракет кылабыз жана мыкты жарандык журналист болуп жашаган жерибиздин жашоосун жакшыртууга салымыбызды кошобуз» — дейт Назиржан кызы Мырзайым.
Авторлору: Халбаев Умид, Абдилаким кызы Гулзина