Уч-Коргон айылына караштуу Манас-Ата орто мектебинде билим алган балдардын ата-энелери бүтүрүү кечесине карата чогултулган акча каражатынын өлчөмүнө нааразычылыктарын билдиришти. Окуучулар өздөрү демилге көтөрүп мектепке салым кошолу деп чечишкен, дейт мектеп администрациясынан.
Асель Кудайбердиева Уч-Коргондогу Манас-Ата орто мектебин аяктап жатат. Классташтары менен өздөрү билим алган уясына салым кошуп кетүүнү чечишкен.
“Биз ушул бүтүрүп жаткан мектепке өз эстелик жана белегибизди калтыргыбыз келет. Ар жылы бүтүрүүчү класстардын ата-энелери чогулуш өткөрүп бул маселе боюнча мектеп администрациясы менен кеңешишет. Быйыл биздин класс мектептин жаңыдан оңдолуп жаткан ашканасына өз жардамыбызды берүүнү ата-энелерибиз менен кеңештик”,-деп айтып берди уч-коргондук бүтүрүүчү Кудайбердиева.
Мектепти бүтүрүү аземине керектелүүчү акча маселеси ар бир ата-энени ойлондурат. Айрымдары балдарынын бүтүрүү кечесине карата каражат чогултууну демилгелесе, кээ бири белгиленген акчаны төлөөгө чамасы жетпейт.
Атын атагысы келбеген эненин баласы быйыл Манас-Ата мектебин аяктап жатат. Анын билдиришинче, айрым ата-эненин балдарынын бүтүрүү кечесине акча төлөп берүүгө абалы туура келбей жатса да, башкалар кемсинтпөөсү үчүн кайдан болсо да таап берүүгө мажбур болушат.
“Мектепке кандайдыр бир белек калтырууга биз каршы эмеспиз. Бирок топтолуп жаткан сумманы бергени ар бир үй-бүлөнүн шарты туура келбейт. Мисалы мен өзүм да акчаны таап бергени мажбур болдум. Менин балам башкалардын алдында кемсинтип калбасын дейм. Ушундай иш-чараларга үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, же болбосо суммасын азайтса жакшы болмок эле”,- деген ыңгайсыздыктары тууралуу кеп салып берди жашыруун калгысы келген эне.
Мектеп мугалимдеринин айтымында, ар жылы ата-энелер өздөрү демилге көтөрүп мектепке өз баалуу белектерин калтырып кетишчү. Бирок быйыл мектеп көптөгөн долбоорлор менен иштеп жатканын көрүп, өз салымдарын мектептин ашканасын оңдоого кошушту, дейт Манас-Ата орто мектебинин мугалими Катча Айтбаева.
“Бүтүрүүчү класстын алдыңкы окуучулары бизден эстелик калсын, биздин өмүрүбүздүн жарымы ушул мектепте өттү, мектепте окутуп жаткан мугалимдерге да жардам катарында деп өздөрү демиглге көтөрүп ушул сумманы ташташты. Мугалимдер окуучуларды акча чогултууга мажбурлашкан жок. Болгону бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери өздөрү демилгелеп, көңүлдөрүнөн чыгарып бул чечимге келишти”,-деп билдирди мектеп мугалими Катча Айтбаева.
Айыл өкмөтү мектептин бүтүрүү кечелеринде коштолгон нааразычылыктары тууралуу маалыматка ээ эместиги жана муну такташтыра тургандыгын айтып өттү.
“Айыл өкмөтү тарабынан бүтүрүүчүлөргө же бүтүрүү аземдерине акчалай сыйлыктар бөлүнбөйт. Бирок алдыңкы окуучуларга ардак грамоталары, мактоо баракчаларын тапшырабыз. Ал эми бүтүрүүчүлөр мектепке акчалай же баалуу белектерин калтырышы жөнүндө кеңири маалыматка ээ эмесмин, бул боюнча такташтырам”,-деди Уч-Коргон айыл өкмөт башчысы Ахматжон Абдурахманов.
Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрүндө боло келген мындай маселелер жөнгө салынып, бир чечимге келтирилет деп ойлошот айыл тургундары.
Автор: Шахрибонум Игамбердиева, Медер Сүйүнов