Зарина Женишбек кызы, Ош облусунун Кызыл-Булак айлынын, Айбашов атындагы орто мектебинде окуйт. Зарина кичине кезинен музыкага кызыгат. Аркандай ыр сынактарына катышып жеңиштүү орундарга ээ болгон. Зарина биздин окурмандарга өзүнүн кызыгуусу, кыялы тууралуу айтып берди.
-Зарина сиз келечекте ким болгуңуз келет?
-Мен келечекте ырчы болгум келет себеби мага ырдаган абдан жагат.
-Сиз ырчы болууңузга ата-энеңиз кандай карайт?
-Албетте каршы болбойт деп ойлойм себеби мага ырдаган абдан жагат.
-Азыркы учурда сиз музыкалык кружокторго катышып жатасызбы?
-Катышып жүрөм, бирок биздин айылда нота менен окуткан, адистешкен музыкалык мектептер жок. Борбор шаарыбызда 5-6 жашынан нота окуп, музыкалык билим алышат. А бизде мындай мектептер жоктугуна байланыштуу билим ала албай калгам.
-Сиз ушундай сонун талантыңыз менен кандай конкурстарга катыштыңыз жана кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
-Март айында болуп өткөн «Мыкты жаз периси» конкурсуна катышып мыкты перизат наамын алганмын.
-Эгер сиз келечекте алдыга койгон максаттарыңызга жетип, ырчы булуп калсаңыз, таланттуу жаштарды колдоо үчүн эмне кылат элеңиз?
-Мен Кызыл-Булак айлына музыкалык мектеп ачмакмын. Ал жерде нота менен окууга мүмкүнчүлүк түзүп бермекмин. Себеп дегенде биздин айылда көп таланттуу жаштар бар. Аларга талантын өстүрүүгө шарт түзуп берүү керек.
-Ырчылардан кумир туткан адамыңыз?
-Менин ырчылардан кумир туткан ырчым Айпери Кубик кызы жана Зари.
-Анда бир ырын ырдап өтсөңуз?
Мектебим мени окуткан эжейлерим, агайларым
Мектебим тарбиялап чоңойттуң го мени дайым
Баш ийип тазим кылам,
Биздерди адам кылган
Мектебим сени унутпайм
Өмур бою сени сыйлайм
К:
Классташ кыздар балдар
Кайдадыр алыс жака учасыңар
Кылассташ кыздар балдар
Куш болду кечээки эле балапандар.
-Зарина сиздин алдыга койгон ой-максаттарыңыз орундалышына чын жүрөктөн тилектешпиз.
Авторлору: Марлен Жамалов, Гулзира Курсанали кызы.