Гулжамал Караева 2004-жылдан бери кондитердик азыктарды өндүрүү менен алектенип келет. 16 жылдан бери ишкерликте жүргөн айым, бул тармактын таттуусун гана эмес, ачуусун да татып келет. ЖИАнын мүчөсү Гүлжамал айым бизге берген маегинде таттуу дүйнөсүндөгү ишкерлик жана ар бир адам сапаттуу азыкты кантип тандап алышы керектигине токтолду.
— Таттууларды өндүрүү идеясы кантип пайда болгон?
— Мен башында Бишкекте башка бир ишканада иштечүмүн. Ошол жакта иштеп жүрүп, Жалал-Абадда кондитердик азыктарды өндүргөн ишкана жок экенин ойлондум. Өзүм да Жалал-Абаддан болом. Башында бир-эки жыл аракет кылдык. Бирок, шаар кичинекей, жашоо оор болгондуктан биз Жалал-Абаддан баштай турчу ишибизди Казакстанда баштадык. Андан кийин, 2004-жылы Жалал-Абадда бул ишти баштадык.
— Алгач канча адам менен ишти баштагансыз?
— Башында сегиз киши иштеген. Анын ичинде бирөөсү Ирандан чакырып келген технологубуз болчу. Калгандары кыргызстандык жарандар болчу. Кондитердик цехтин ичинде төрт гана адам иштечү. Бухгалтер, сатуучу болуп жалпы сегиз гана адам иш алып барчубуз. Бир жылдын ичинде сегиз киши, он алтыга жетип, азыркы күндө жалпысынан 45 киши стабилдүү түрдө иштейт. Алардын 22си кондитер. Калганы айдоочу, бугхалтер ж.б кызматкерлер бар.
— 45 кишинин эмгеги менен бир күндө канча көлөмдө татуулар чыгат?
— Көлөмдү биз буюртмага карап жасайбыз. Анткени, биз жасаган азыктардын сактоо мөөнөтү кыска, 72 саат сакталат. Кээ бир кремсиз жасалган таттуулар 15 сутка, 3 ай, 6 ай чейин сакталат. Алар печенье, кекс ж.б. Ал эми крем кошулуп жасалган азыктарды абдан аз убакытка гана сактоого болот. Бир күндө орточо 100 кг жасалат.
— Таттууларды жасап, ишкерлик кылууда кандай кыйынчылыктар бар?
— Кыйынчылыктар абдан көп. Свет, суу маселеси болот. Мисалы, айтпастан свет же сууну өчүрүп койгон учурлар болот. Бирок, биз алардын ордуна альтернативасын жөнгө салганбыз. Алсак, свет өчүп калса, генератор бар. Суу өчүп калса, бир жарым тонналык цистерналарыбыз бар. Анткени, бизде суу абдан көп өчүп турат. Бирок, канчалык шарт түзүлсө дагы үзгүлтүксүз берилген свет, суу менен анын альтернативасынын айырмасы бар. Мындан тышкары, салык маселеси да оорчулук жаратат. Бул жылы карантин дагы ишкерликке бир топ таасир этти. Эң негизгиси, эл тынч болсо, өлкөдө стабилдүүлүк болсо анан ишкерлик да өнүгөт. Анткени, биз өндүрүп жаткан азыктар абдан керек делген азыктардын катарына кирбейт. Ошондуктан, эл ашынса гана алат. Той аштарга чектөө болгон үчүн өндурүлгөн азыктардын өтүмдүүлүгү төмөндөгөн. Карантин учурунда, биздин кызматкерлердин 70% иштеген жок. 7-8 киши гана иштеп жатты. Август айынан бери гана толук иштеп жатабыз. Негизи, ар бир иште ар түрдүү тоскоолдуктар көп болот. Бирок, биз аларды жеңип өтүүгө аракет кылабыз.
— Кадр маселеси кандай?
— Кадр маселеси дагы биздеги көйгөйлүү факторлордун бири. Профессионалдуу үйрөтүлгөн технолог, кондитерлер жок. Окуу жайлар мындай адистерди бүтүргөнү менен алардын басымдуу бөлүгү өз кесиби менен иштебейт экен. Тилекке каршы, баардыгын өзүбүз нөлдөн үйрөтүүгө туура келет. Адамдык ресурс жетишпейт. Кадр топтоп, аларды иштетүү иштин маанилүү бөлүгү. Калган көйгөйлөрдү чечсе болот.
— Бүгүнкү күндө таттууларды жасоого басым жасагандар көбөйгөндөй. Бирок, өтүмдүүлүгү кандай?
— Бул иште атаандаштык абдан күч. Анан калса, бул тармакта талапка жооп бергени дагы, жооп бербегени дагы иштеп жатат. Үйдөн эле торт, татуу жасап чыгаргандар дагы баа саясатына чоң таасир берип жатат. Анткени, алар ишкана катары иштебегендиктен, кадимки 70 тыйынга бааланган светти төлөйт, патент менен иш алып барбагандары да бар. Элди иш менен камсыз кылбайт. Жабдык сатып алуу, атайын маркага ээ болуу деген нерселер менен убара болушпайт. Ошондуктан, алар жасаган азыктарын арзан сатышат. Мисалы, биз мамлекетке ай сайын кеминде 140 миңден 180 миңге чейин салык төлөйбүз. Эми, ар бир ишкер ишкерлик кылгандан кийин мамлекеттин талабын да төлөп турушу керек. Бирок, ишкерлердин арасында абийри менен иш алып барбагандар да бар.
— Кандай гана азык болбосун сапат биринчи орунда болушу керек эмеспи. Ар бир кардар кантип сапаттуу азыкты тандай алат?
— Органикалык продукциядан жасалган азыктардын баасы жогору болот. Ошондой эле алардын сактоо мөөнөтү кыска болот. Чындыгында, азыр атаандаштык абдан жогору. Интернеттин өнүгүшү менен көп нерселерге жетүү мүмкүнчүлүгү жеңилдеди. Учурда таттууларды үйдөн жасап, инстаграм аркылуу сатыкка чыгаргандар көбөйдү. Керек болсо, айыл жеринде жашап иштин көзүн тапкандар көбөйдү. Мурда кондитердик азыктар импорт болуп келсе, учурда жергиликтүү өндүрүүчүлөр талапты толтурушту. Бул нерсенин дагы жакшы тарабы бар. Бирок, үйдөн чыгарылган азыктардын ичи бузулуп кеткен болсо, сатып алуучу кимге арызданаарын билбейт. Анткени, алар фирма катары иштейбейт.
— Сапаттуу азык тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?
— Бардык фирмалар маркировкасы, таңгагы, таңгакта адреси, телефон номуру жана азыкты чыгарган мөөнөтү менен басылып чыгышы керек. Бул шарттуу түрдө. Ал эми үйдөн жасалып, сатыкка чыккан азыктар бузулуп кеткен болсо, сатып алуучу аны дүкөнгө гана кайтарып бере алат. Ал эми аны лабороторияга тапшырып, арыз жазайын деген күндө да байланыш номурун, дарегин, аталышын билбейт. Мөөнөтү өткөн же талапка ылайык келбеген азыктарды даярдагандыгы үчүн кимдин үстүнөн арыз жазат? Ар бир адам кандай гана азыкты сатып албасын сактоо мөөнөтүн сөзсүз карашы керек. Негизи, товардын наркын кантип арзандатышат? Химиялык заттар колдонулган учурда товарды арзан сатышат. Т.а шекердин ордуна химиялык зат колдонушат. Ал ачыбаш үчүн стабилизатор кошулат. Бул ден соолукка зыян нерселер.
— Биз өзүбүздүн продукцияларды чет өлкөгө чыгарууда кандай тоскоолдуктар бар?
— Биз чыгара албайбыз. Бул биздин каалообузга байланыштуу эмес. Бул замандын талабы. Мисалы, үчүн Казакстан, Россияга чыгарууга мүмкүн эмес. Себеби, ага биздин коңшу өлкөлөр жол бербейт. Азыр биз буларга сатуу үчүн алардын талабына туура келгидей өндүрүшүбүз керек. Андай талапта өндүрүү үчүн биринчи кезекте, бизде керектөөчү азыктар жок. Чийки азыктардын баардыгы чет өлкөдөн алдырабыз. Ал азыктар бизге келгиче, баасы да жогору болуп калат. Өзүбүздөн өндүрүлгөн эч нерсе жок бизде. Шекер өндүрүлөт, бирок ал жетишсиз. Маргарин майлар өндүрүлбөйт. Ошондуктан, биз бардык нерсени Казакстан менен Орусиядан алдырабыз. Мисалы, Тажикстан менен Өзбекстанга биз товарыбызды киргизе албайбыз. Себеби, алар өздөрүнүн өндүрүшүн жогорулатуу үчүн ушундай мыйзамдарды киргизишкен. Ал эми бизде андай мыйзамдар жок. Ишкерликти колдоо жок.
Барскоон: «Алтын туяк жеңенин» ийгилиги
Ишкер: Ат-Башынын сыры десек, эл күлчү
Бодо мал менен ишкерлик кылуунун жолу
Касиет Кубанычбек кызы