«Айым Баштайт» аялдар арасындагы ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду “Aiym in Business” жаңы долбоорун баштады. Аталган долбоор 3 күндүк онлайн тренинг форматында өтөт жана тренингдин катышуучуларынын мотивациясын жогорулатуу максатында, жеке ишкердик менен алектенип, чоң ийгиликтерге жетише алган айымдар ишкердик жана каржылык сабаттуулугу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүшөт.

Аталган долбоордун менеджери Толгонай Турсунбекова статистикалык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстанда жумушсуздукка көпчүлүк учурда айымдар дуушар болушарын айтат. Андыктан, айымдар үчүн үй-бүлө менен жумушту бирдей айкалыштырып алып кетүү максатында эң жакшы чечим, бул өз бизнесин баштоо болуп саналат деп эсептейт:
“ Биздин долбоор калктын аярлуу катмарынан чыккан 20 айымдан турган, жалгыз бой келиндердин, тагдырдын оор сыноосуна дуушар болгон көп балалуу энелердин ишкердик жөндөмдүүлүгүн жана каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Аларды дагы атайын критерийлер менен кабыл алабыз. 3күндүк тренингден өткөндөн кийин дагы биз тараптан ар кандай суроолор менен кайрылып кеп кеңештерин алып турушса болот. Мындан сырткары биздин башка долбоорлорго катышууга дагы мүмкүнчүлүк бар.”
Бул долбоорго Кыргызстандык жаш курагы 25 тен 40 жашка чейин:
— кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн;
— туруктуу киреше булагы жок;
— мурда социалдык долбоорлорго катышпаган;
— окууга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана өнүгүүгө кызыктар
болгон;
— калктын аярлуу катмарынан чыккан (жалгыз бой келиндер,
тагдырдын оор сыноосуна дуушар болгон көп балалуу
энелер);
— долбоордун баардык онлайн тренингдерине толук кандуу
катышууга даяр айымдар катышууга болот.

Аталган долбоорго катышуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу каттоодон өтүңүздөр болот .
Белгилей кетсек, тренинге катышууга мүмкүнчүлүк алгандар үчүн 3 күндүк онлайн трениг апрель ыйынын 23-25.04.2021 күндөрү болмокчу
Табигый азык жасап ишкерлик кылган жаш үй-бүлө
Мээрим Таалайбекова: Эч качан билим алууга кеч эмес
Койдун жүнүн кайра иштетип ишкерлик кылган айымдар
Ишкер айымдар үй бүлөлүк бюджетти кандай пландайт?
Айгерим Кубатбекова