Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын ишкер айымы, ардактуу мугалим Гүлнара Семетеева 2021-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн “Доорду өзгөрткөн айым” деген аталыштагы улуттук форумга катышып келген.
Аталган форумга Роза Отунбаева, Ширин Айтматова жана бир катар төбөсү көрүнгөн, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошкон айымдар катышып, алардын азыркы учурдагы орду, андан тышкары пандемия учурундагы иш аракеттери белгиленген. Чет өлкөдө ишкердик кылган айымдар жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, андан тышкары айыл жергесинде дагы ишкер айымдардын жасаган эмгектери талкууланган.
Бүгүнкү каарманыбыз Гүлнара Семетеева дагы кандайча ал форумга катышып калгандыгы жөнүндө маек куруп берди:
Көп жылдан бери аялдарды колдогон долбоорлор менен иштешип келем….
-Мен көп жылдан бери аялдардын тең укуктуулугун колдоп келген “ООН Женщины” аркылуу келген долбоорлорго катышып жүрөм. Бул долбоордун негизинде айыл жергесинде ишкерлик кылууга жана аны өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. Биз өзүбүз 2006-жылы АРИСтин долбоору аркылуу 2 адам болуп кичинекей нан бышырган цех ачканбыз. Цехти азыркы бала-бакчанын имаратынан бир бөлмөсүн ижарага алып, башында колго нан жасап жүрдүк.
Акырындан иш жүрүп баштаган кезде 2-3төн киши жумушка ала баштадык. Мен өзүм сабактан чыгып барып, көзөмөлдөп жаттым. Кийин 2012-жылы бала-бакчанын бөлмөсүн бошотуп берип, башка ыңгайлуураак имарат таап, сатып алдык. Ал жерди дагы көптөгөн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатып, ишке бердик. Ошол жылдары ПРООНдон ишкерлерди өнүктүрүүгө арналган долбоорлор келип, 190 миң сомдун өлчөмүндөгү көптөгөн жаңы аппараттар менен жабдылып, нан гана эмес булочкалар, пряниктер, коржиктер жана башкаларды жасай баштадык. Учурунда мектептердин баардыгына таратып, 8-10 кишиге чейин иштетип калганбыз. Бирок печкага бышкан нандар жакшы өтпөй баштагандыктан тандыр нан жаап баштадык. Ушул күнгө чейин ишибизди улантып, 5 кишини жумуш менен камсыздап, айыл элине эмгек кылып келе жатабыз.
Азыр болжол менен 20-30 окуучуларым медицина жаатында үзүрлүү иштеп келишет…
Мен өзүм педагогикалык институтту 1991-жылы бүтүп келип, Ой-Терскен мектебинде химия сабагынан мугалим болуп иштеп келем. Бирок айыл жеринде мектеп менен гана чектелип калсаң, үй-бүлөлүк бюджетти толтуруу кыйынга турган. Анан жолдошум экөөбүз биргеликте ушундай иш алып барып баштаганбыз. Мектепте иштегениме дагы 30 жылдын жүзү болду жана бул убакытта дагы балдарга татыктуу билим, тарбия бергенге болгон күчүмдү жумшап келем. Окуучуларыман жылда 2-3 окуучу медициналык окуу жайларга тапшыргандары болот. Акыркы жылдары “Алтын Тамгага” тапшыруу тестинде дагы химия сабагы кошулган жана окуучуларыбыз эмгегибизди актап “Алтын Тамга”, “Алтын Сертификат” алган, ЖРТ дан жогорку баллдарды алган окуучулар болуп келет. Азыр болжол менен 20-30 окуучуларым медицина жаатында үзүрлүү иштеп келишет.
Аял киши ишкерлик кылуу үчүн үй-бүлөнүн колдоосу маанилүү….
Албетте, мугалимдин жумушу менен ишкерликти алып кетүү абдан оор болду. Бирок жеңилин жерден, оорун колдон алган жолдошумдун, үй-бүлөмдүн колдоосу менен гана чоогу алып кете алдым десем жаңылышпайм. Анан сөзсүз түрдө убакытты туура пайдаланыш керек. Кээ бир учурда ар бир минутам ченелүү болуп калган учурлар болот. Бардык нерсени өз убагында бүтүрүп туруш керек. Негизинен аял кишиге ишкерлик кылыш үчүн үй-бүлөсүнүн колдоосу, өжөрлүк жана жумушка так болуусу зарыл.
Менин оюмча аял киши ишкерлик кылса жакшы алып кете алат деп эсептейм, себеби аял киши сарамжалдуу келип, үнөмдөп баардыгын так аткара алат. Ал эми эркек киши март болуп,майда нерселерге көп көңүл бурбайт. Ошентсе дагы жалгыз адам эч нерсе кыла албайт, аял киши дагы, эркек киши дагы бирдей ишти чоогу алып кетиши керек.
-Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизде ар дайым ийгиликтер болсун!
Асель Уркунбаева