Азыркы убакта үй-бүлөдө теңдик мамилени колдоо маанилүү кадамдардын бири. Ошону менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, үй-бүлө мүчөлөрүнө тандоо укугун берүү, алардын пикирин эске алуу менен иш аракеттерди жасоо дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат.
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Басира Искенова үй-бүлөдөгү теңдик мамиленин болуусун каалайт. Анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы бул пикирди колдоп келишет.
“Биздин үй-бүлөдө беш адам жашайт. Үй-бүлөбүздө жолдошум экөөбүз бул сеники же бул эркектики деп бөлбөй эле кимибиз бош болсок жапа тырмак киришип, жумуштарды бүткөрүп алчубуз. Балдарыбыз дагы ушундай тарбияга кичине кезинен эле көнүп, алар дагы үй-бүлөлөрү менен бардык жумуштарды бирдей жасашат. Бул аялдыкы же эркектики, өзүң жаса мен жасабашым керек деген тескери ойлору жок.”
Малабаевдердин үй-бүлөсү бат-баттан чогулуп, эс алууларды көп уюштурушат. Эс алууга барганда бардык үй-бүлө мүчөлөрү бирдей иш кылып, бирдей эс алышат.
“Эс алууга барганда баарын бир кишиге үйүп коюп, аны карап отура бербестен, дасторконду, тамак-ашты биргелешип даярдай калып, баарыбыз текши эс алууга аракет кылабыз. Мындай тартип эми неберелерибизге өтүп жатат. Асты биринчи класска барды. Алар дагы тура калып, өздөрүнүн колунан келишинче, жеңил өзүлөрүнүн алы келе турган иштерди жасашат», — дейт Басира Искенова.
Гендердик эксперттердин айтымында үй-бүлөдөгү теңдикти колдоо жана сактоо үй-бүлөдөгү баалуулуктарды, ынтымакты бекемдейт. Ал эми мындай мамилени куруу үчүн адамдар ГАЛС ыкмасын пайдаланса болот.
“Бизде ата-энелердин көбү миграцияга кеткендигине байланыштуу, балдар бир туугандарынын колунда калып, үй-бүлө баалуулугу төмөндөп кеткен. Көпчүлүк учурда үй-бүлөдө материалдык жакка басым жасалып калууда. Азыр үй-бүлөдөгү абалды оңдоо үчүн Кыргызстанда ГАЛС ыкмасы жайылтылып жаткан учур. ГАЛС бул гендердик сезимтал иш аракеттердин ыкмасы. Бул ыкма менен адамдардын аң сезимин туура жолго буруп, өзүлөрү кылган туура эмес мамилелерин өзүлөрү сезишип, оңолуу жолун адамдар өзүлөрү табышат. Бул окуудан аялы да, күйөөсү да өткөн учурларда үй-бүлөдө бири-бирине болгон мамилелер оңолуп, бакубатчылык жашоодо жашагандар дагы бар», — деген ойдо Бакен Досалиева.
Жергиликтүү комитеттин өкүлдөрү, Аялдар кеңешинин мүчөлөрү үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон мамилесин жакшыртуу максатында аймактарда ГАЛС ыкмасын жайылтып келишет. Муну менен катар алар аялдардын өзүнө болгон ишенимин арттырууга, балдардын укугун коргоого, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, зомбулуктун алдын алууга көмөк көрсөтүшөт.
Акылай Алмазбекова