Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейге Кореянын Сеул шаарынан келген ыктыярчы Ёнгми Мун ашпозчу кесибине адистерди даярдоодо. Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча Ёнгми Мун кесиптик лицейге “Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы «Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууну” ишке ашыруу максатында жиберилген. Ал кесиптик лицейде волонтердук иш-чараларды жүргүзүү үчүн келген.
Кореядан келген Ёнгми Мун кесиптик лицейдин окуучуларына корей ашканасынын даамдуу тамактарын үйрөтүп, кыргыз улуттук тамактарын өзү да үйрөнгүсү келет. Ёнгми Мун KOICAнын (Корея эл аралык кызматташуу агенттиги) стипендиялык жана гранттык программасынын алкагында келген ыктыярчы. KOICAнын программасынын негизги максаты — техникалык көндүмдөрдү жана билимдерди бөлүшүү жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат.
Ашпозчу кесибин мыкты өздөштүрүү үчүн кулинардык билимден тышкары, унутулгус тамак даярдоодо убакытты, мейкиндикти, ресурстарды жана тамактануучуларды мыкты тейлөө үчүн ар кандай жөндөмдөргө көнүгүш керек. Ошол талыкпаган эмгек менен аракеттин аркасында тажрыйба топтойсуң. Өздөштүрүп үйрөнгөн тажрыйбаңды башкалар менен дагы бөлүшө билүү зарыл.
Кореялык Ёнгми Мун Кыргызстанга 2 ай мурда келген. Учурда ал кыргыз тилин өздөштүрүүдө. Ёнгми Мун Кыргызстанда 2 жыл жашап, Кореяны Кыргызстанга таанытып, кыргыздар тууралуу көбүрөөк билүүнү максат кылууда. Азыр айылдагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде ашпозчулар кесибинин устаты катары адистикке үйрөтүп жатат.
Жакынкы арада уюштурулуучу 20-октябрь бүткүл дүйнөнүн кулинардык адистери кесиптик майрамын өткөрүү пландалууда. Бул күн 2004-жылы Дүйнөлүк кулинардык жамааттар ассоциациясынын Конгресси тарабынан негизделген.
Турсун Омуралиева