Ушул жылдын 6 айында эле Кыргызстанда өткөн жылдын бул учуруна салыштырмалуу 65% көп зомбулук учурлары катталган. Зомбулуктун себептери эмне? Коомдо калыптанган көз-караштар үй бүлөнүн бактылуу болуусуна канчалык таасирин тийгизүүдө? Гендердик серепчи Авазкан Ормонова бизге берген маегинде турмуштук окуяларга токтолуп өттү.
— Авазкан эже, сиздер кыргыз коомунда гендердик теңчиликти орнотуу боюнча аракет көрүп келесиздер. Биздин коомубуз гендердик теңчиликтин маани — маңызын түшүнүп калдыбы?
— Бул түшүнүктү түшүнгөн эркектер гана эмес, аялдар да аз кездешет. Негизинен, термин биздин коомго кирди. Бирок, элибиз анын маани — маңызын кеңири түшүнө элек. Коомдук иштерге кызыгып, мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеп, билим берүү же саламаттыкты сактоо тармагында иштеген айымдардын арасында гендер боюнча толук кандуу болбосо дагы түшүнүк бар. Ал эми жашоо шартына байланыштуу үйүндө отурган же миграцияда жүргөн же болбосо базарда, талаада эмгектенген айымдар арасында бул түшүнүк жокко эсе. Эркектер арасында болсо, “үй бүлөдө гендердик теңчилик” деп айта турган болсо эле, көпчүлүгү аны атаандаштык катары кабыл алат.
— Биздин коомбузда үй-бүлөнүн бекемдигин, бактылуулугун буза турган кандай стереотиптер орун алып келет?
— Бул стереотиптерди экиге бөлсөк болот. Ар бир үй бүлөдө мисалы мурунку муундардан түзүлүп калган көз-караштар бар. Аларды бузуу же жаңыча шарттарга өзгөртүү, өзгөчө кылуу өтө эле кыйын. Адамдардын оюнда, жүрүм-турумунда калыптанып калган адаттар ошол мурунку муундан берилет. Ал эми экинчиси, “үй бүлөдө гендерлик теңчилик” – дегенде ар бир үй бүлөнү өзүнчө кароо керек. Мисалга алсак, эки үй бүлө ортосундагы окшоштуктар аз кездешет. Мындай айырмачылык, алардын социалдык – экономикалык абалынан улам келип чыгат. Иштебей же кесиби жок болуп, кара жумушта эмгектенген үй бүлөлөрдө стереотиптер көп кездешет. Алсак, “сенин үйүңдө акча тапкан аялыңбы?” деген өңдүү көз -караштар бул үй бүлөлөрдө күчөп келет. Ал эми шаарды алып карасак, ишкердик чөйрөсүндө аялдар активдүү болуп, эркектер менен аялдардын социалдык ролу алмашкан көрүнүштөрдү байкоого болот.
— Ошол стереотиптерден кантип арылып, үй-бүлөдө гендердик теңчиликти орнотсо болот?
— “Теңчилик” дегенди ким кандай түшүнөт? -Бул ар түрдүү пикирлерди пайда кыла турган түшүнүк. Негизинен, үй-бүлөдөгү теңчилик түшүнүгүндө аял менен эркекте атаандаштык жаратып, бири башчы болуп, бири акча кармап, көзөмөл кылуу дегенден алыс болуу керек. Үй бүлө — бул аял менен эркектин ортосундагы союз. Бул жерде бири-бирин башкаруу эмес, тең укуктуу, бирдей мүмкүнчүлүктөр менен жашайт деген түшүнүк орун алышы керек. Аял дагы, эркек дагы өзүнчө “адам” катары каралат. Мисалы, бүгүнкү күндө жаш үй бүлөлөр арасында абдан үлгү боло турчу жаштар бар. Үй салуу, балалуу болуу, келечекти пландаштырууда бирге макулдашып чечим кабыл алган бири-биринин т.а аялдын да, эркектин дагы көз-карашын сыйлаган үй бүлөлөр бар экени абдан кубандырат. Бирок, коомубузда кемсинтип, кол көтөрүп жашаган үй бүлөлөр да кездешет.
Үй бүлөдө ар ким өз кызыкчылыгын койбой, кимдин кандай муктаждыгы бар жана ал нерсе чечилсе эмне болот деп бүтүндүктө жашашы керек. Ушул гендер маселеси боюнча, жаштардын, окуучулардын арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Кайсы бир коомго, гендер түшүнүгү үй бүлөгө канчалык деңгээлде теңчилик жана туура көз-карашты алып келээрин түшүндүргөн эксперт кирсе, бул маселелер алдын ала эле чечилет эле.
— Зордук зомбулук боюнча дагы иш алып барасыздар. Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун көпчүлүк себеби эмнеде?
— Учурда биз 360 аялга жардам берип жатабыз. Эгерде, мисалы 1992-1993 жылдардын кесепеттеринен келип чыккан зордук -зомбулукту карай турган болсок, анда бул экономикалык көйгөйдөн, тагыраагы акчанын тартыштыгынан улам башталган. Бирок, азыр акчасы бар. байлар деле зордук – зомбулукка барып жатат. Мурда зордук — зомбулукка жумушсуздук, миграция жана жакырчылык негизги себеп болсо, азыр көз-караштардын дал келбестиги себеп болууда. Биз бул нерсени, өзүбүздүн изилдөөлөрүбүздөн байкап жатабыз. Кыздар билимдүү. Мектепти да жакшы окуган. Жогорку билим да алган. Ал эми эркек балдар билимдүү болбой калган. Кээ бири сырттан окуп, диплом алган. Кээ бир окубай деле калган. Алып качкан, туугандары аркылуу куда түшүп үйлөнгөндөр. Көпчүлүгүндө ушундай.
— Жакшы билим алган кыздардын келечектеги күтүүлөрү, кыялдары бөлөк болот экен. Ал эми жакшы билим албаган, тартиби начар балдар ал кыздардын келечектеги күтүүлөрүн бере албайт экен. Бирок, ошол балдар өзүндөй болуп окубай калган кыздарды эмес, сөзсүз түрдө билимдүу кыздарды колукту кылып алгысы келет экен. Бирок, алардагы айырма 5 жыл жашаса деле, 10 жыл жашаса деле оркоюп көрүнүп турат экен. Анан акыры, көз-караштардын дал келбестиги аял – эркек ортосундагы уруш-талашка алып келет экен. Ошондуктан, келечектеги кыялдары, пландары төп келген жаштар үй бүлө курганы жакшы. Сырткы келбети, акча каражаты үй-булө курууда маанилүү болбош керек деген нерсенин түпкү маңызы ушунда.
-Гендердик теңсиздик дегенде көпчүлүк учурда аялдардын укугу корголбой жаткандыгы көп айтылат. Эркектердин укугу бузулуп жаткан учурлар жокпу?
— Бар. Бирок, расмий статистикалык маалыматтарды карай турган болсок, ал 1% түзөт. Мисалы, сандык көрсөткүчтө 360 окуяны алып карасак, анын 357 окуясы аялдарга байланыштуу болсо, 3 гана окуя эркектердин укугу тепселенип жаткандыгын билдирет. Жыныстар ортосундагы чыр чатактарды алып карасак, басымдуу бөлүгү экркектер тарабынан запкы жешет. Алсак, зордук зомбулукка кабылган – аялдар, коргоо ордерин алган — аялдар, балдарын коргоп жаткан — аялдар. Аялдардын жашоого болгон укугу тебеленип жатат. Шайлоого катышып, шайланууга болгон укугу Кыргызстанда тебеленип келет. Эркин басып жүрүү укугу тебеленет. Мисалы, ушундай укуктар бар. Бирок, эркектердин кайсы укугу тебеленип жатат? Бул маселеде дагы гендердик теңчилик боюнча иш алып барган эксперттер дагы талашып келебиз.
Касиет Кубанычбек кызы