Айымдар иштеп жүрүп, көбүнчө декреттик өргүүгө чыкканда стресске кабылышат. Мунун себеби декреттик өргүүдө иштебей бала менен үйдө отуруп калышат. Каржылык жактан эркин болуп жүргөн аял үчүн бул чоң стресс болушу толук ыктымал.
Казарман айылынын тургуну 23 жашта. Кесиби боюнча мугалим. Ал учурда бала багуу үчүн эмгек өргүүдө.Биринчи балам болгондуктан, уйкудан калуу, чарчоо, каржы маселесинен көбүрөөк муктаж болдум дейт атын атагысы келбеген каарманыбыз:
“Декреттик эс алууга чыккандан кийин бир топ эле өзгөрүү болот экен.Каражат жагына келсем, мурда өзүм айлык алып, өзүм сарптап, көнүп калганмын. Жолдошумдан кечке сурагандан уялып жүрдүм. Ал деле берет бирок аял кишиге майда керек-жарагына,каржы керек болот. Аны түшүнө бербейт,эркектер.Кыскасы мен аябай депрессия болуптурмун өзүм азыр ойлосом”.
Бул көйгөйдү кантип алдын алууга болот деген суроо менен гендердик эксперт “Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси, Мунара Бекназаровага кайрылып көрдүк:“Бул маселе декреттеги аялдардын чоң көйгөйү. Муну менен, мен гендердик эксперт катары, балалуу болуу чоң жоопкерчилик экенин баса белгилегим келет. Баланы пландоо менен биз үй — бүлөнү пландаштыруу маданиятын калыптандыра алабыз. Бул азыркы күндө абдан маанилүү. Анткени, азыркы учурда баары кымбат. Жаш үй-бүлө материалдык жактан камсыз болбой туруп, балалуу болушса абдан кыйналышат. Бул жоопкерчилик бир гана аялдарга тиешелүү эмес. Күйөөсү менен аялы баланы пландап, 1-2 жыл эмгек акыларынын кайсы бир өлчөмүн балага топтошу керек деп ойлойм. Балага ата-эненин мээрими керек. Эгерде эненин ишке жөндөмү, эмгек акысы жогору болсо, энеси жумушка чыгып, атасы баланы үйдө караса болот.”
Каржылык сабаттуулуктун принциби боюнча ар бир адам финансылык жаздык түптөш керек. Мунун максаты- адам кокустан жумушсуз калганда же туруктуу киреше булактан кол жууп калган учурда, ошол эле декреттик өргүүгө чыкканда, келечекти камсыз кылуу болуп саналат. Киреше булагыбыздан кол жууп калган учурда сиз жарым жыл эмгек акысыз коркпой жашаганга мүмкүнчүлүгүңүз бар дейт каржылык сабаттуулук боюнча адис Кубаныч Мүсүралиев.
“Жеке бюджет жүргүзүү аркылуу керексиз сатып алууларды аныктап аларды кырсартканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Адам өзүнүн айлык чыгашаларын билүү менен финансылык жаздыктын көлөмүн аныктай алат. Финансылык жаздыкты айымдар иштеп жүргөндө ошол тапкан кирешесинин бир бөлүгүн, эң жакшысы 20-30% топтоого багыттоо аркылуу чогулта алат. Канча эрте чогулта баштаса, ошончо көп сумма чогулта алат. Аз сумма болсо деле туруктуу негизинде чогултуу менен ири сумманы чогултса болот. Ал акчаны банкка өзүнчө эсеп ачып коюп топтосо да болот.”
Үй-бүлөдө пландаштыруу болсо, акча топтогонго жардам болот. Каржы жетиштүү болсо чыр-чатак, араздашуу да аз болот. Ар бир үй-бүлө үчүн азыркы улам өзгөрүп жаткан дүйнөдө, бардык иш-аракеттерин пландоосу зарыл. Ал эми бала жылуу, ата-энеси бактылуу, жетишкен үйдө чоңойгонго акысы бар.
Анара Мааметова