«Айылга арналган өмүр» подкастымдын бул чыгарылышында мигрант мугалим менен маектештик. Мектепти таштап, мугалимдердин да мигрант болуп, сыртка чыгып кетиши өкүнүчтүү!
Жашоо адамды дүйнөнүн кайсы гана тарабына таштабайт. Учурда дегеле кыргыз баласы жүрбөгон дүйнөдө өлкө жок болсо керек. Мен дагы бир учурда мигрант баскан жолду басып, даамын татып көрдүм эле. Бирде сүйүнгөн, бирде күйүнгөн көп күндөрдү кечирдим… Мигранттын сапары дайыма эле ойдогудай ачык жана байсалдуу боло бербей турганын, акча арыкта агып турбасын жон терим менен сездим. Анда эртен сөзсүз жай турмуш келет деген тилек менен каарманым Жеңишкүл Бактыбай кызы менен Москванын таасирлери, жашоосу жана мектептеги иштеген жылдары, үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу сүйлөштүк.
Долбоор » Сорос Кыргызстан» фондусу тарабынан колдоого алынган жана материалдын мазмуну фонддун көз карашын билдирбейт!
Байланыш даректери: Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы.
+996700181175
Даярдаган: Барчын Мамытбекова