Малдын ылаңы – адамдын ден-соолугуна коркунуч жаратаары анык. Ал эми мал ылаңдарынын арасында өмүргө коркунуч келтиргендери да арбын. Алардын бири — күйдүргү. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркаткан илдеттин келип чыгуу себептери, белгилери менен таанышыңыз.
1. Күйдүргү деген эмне?
Күйдүргү (сибирь жарасы) Bacillus anthracis бактериясынан келип чыккан жугуштуу оору. Бул жаныбарлардан адамдарга жугуучу инфекция. Анын бактериялары өтө күчтүү токсиндерди бөлүп чыгарат. Өмүргө коркунуч келтирип, өлүмдүн жогорку деңгээлин пайда кылышы ыктымал. Адамдарга инфекция жуккан жаныбарлардан же ылаңдаган жаныбардын этин, сүтүн колдонгондон жугушу мүмкүн.
2. Бул оору кайда жүрөт?
Күйдүргү дүйнөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө кездешет. Бирок алардын жугушу ар башка. Сибирь жарасы козгогучтары топуракта узак убакытка чейин жашыруун бойдон кала берет жана топурактын бети бузулганда кайра жанданышы мүмкүн. Мисалы, суу ташкыны, нөшөрлөп жааган жамгыр же жер көчкүнүн натыйжасында жанданат. Адатта, бактериялар жайыттын чөптөрү аркылуу жаныбардын курсагына киргенде кайрадан жашоосун улантат.
3. Мал жандыктарда оорунун белгилери билинеби?
Ылаңдаган малды 1-3 күн ичинде билсе болот. Анын белгилери тез ачыкка чыгат. Адатта, ал 12-42 саат аралыгында, ал эми абдан тез өрчүгөн учурда бир нече саат, ал тургай бир нече мүнөттө билинет. Оорунун белгилери ар түрдүү болушу ыктымал. Негизинен, температуранын кескин көтөрүлүшү, дененин ар кайсы жерлеринде шишиктин пайда болушу, кепшебей калуусу, сүт түшүмүнүн кескин төмөндөшү, сүттүн өңү кызгылт түстө болуп, ачуу болуусу менен билинет.
4. Оорунун адамдагы клиникалык белгилери билинеби?
Адамдарда күйдүргүнүн үч формасы кездешет. Өз убагында жана туура медициналык текшерүүдөн өтүү жана дарылануу оорунун үч түрү үчүн бирдей маанилүү.
Күйдүргүнүн теридеги формасы эң көп кездешет. Мында, адамдын терисиндеги тытык, кесиктерге сибирь жарасынын козгогучтары кирип кетет. Натыйжада, микроб кирген жерде кызыл түстөгү кычышкан тактар пайда болуп, алар тез эле кара жарага айланат. Кээ бир адамдарда баш жана булчуңдар ооруп, дене табынын көтөрүлүүсү, кусуусу мүмкүн.
Оорунун ичеги-карын формасы ылаңдаган малдын этин жегенден жугушу мүмкүн. Баштапкы белгилери тамак-аштан уулануу белгилерине окшош. Бирок ичтин катуу оорушу, кан аралаш кусуу жана ич өткөктүн оор түрү менен айырмаланат.
Күйдүргүнүн адамдарда пайда болгон эң оор жана сейрек кездешүүчү түрү – өпкөдөгү түрү. Оорунун бул формасы адам сибирь жарасынын козгогучтарынын көп санына түздөн-түз дуушар болгондон пайда болот. Адатта, абада кармалып турган бактериянын клеткалары дем алуу менен органимзге жайгашат. Биринчи белгилер кадимки суук тийүүгө окшош болот. Бирок, оору тез арада өрчүп, дем алуунун оорлошуусуна жана шокко алып келиши мүмкүн.
5. Башка адамдан күйдүргүнү жуктуруп алуу коркунучу барбы?
Күйдүргү, эреже катары жаныбардан жаныбарга же адамдан адамга жукпаары айтылат.
Бирок, илдет тери формасында болсо, анда башка адамдын денесине зыян келтирип, түздөн-түз инфекцияны жугузуу коркунучу бар. Ошондой эле, сибирь жарасынын дем алуу формасы адамдан адамга жукпайт. Инфекция, күйдүргүнүн козгогучтары менен тынымсыз дем алуу чөйрөсүндө гана жугушу мүмкүн.
6. Оору кантип жугат?
1. Күйдүргүнүн козгогучтары дем алуу менен же денедеги кесиктер аркылуу организмге киргенде көбөйүп, токсиндерди чыгарат.
2. Мал жандыктардын азыгында да күйдүргүнүн козгогучтары пайда болушу мүмкүн. Мындан улам, ылаңдаган малдын этин, сүтүн колдонууга болбойт.
3. Адамдар ылаңдаган малды союуда т.а анын каны, жүнү, сөөгү менен карым-катнашта болгондо жугузуп алат.
4. Сибирь жарасын лабораториялык кырсыктардан улам да келип чыгышы мүмкүн
7. Адамдарда күйдүргүнү кандай жол менен жок кылса болот?
1. Адам сибирь жарасынын кайсы гана түрү менен оорубасын, бейтапты ооруканага жаткыруу талап кылынат.
2. Күйдүргүнүн козгогучтарына кабылуусу мүмкүн болгондорго профилактикалык дарылоо жүргүзүлөт. Илдеттин козгогучтары антибиотиктерге сезимтал болушат. Аны адис белгилеши керек.
3. Антибиотиктерди кантип ичүү жөнүндө доктурдун көрсөтмөлөрүн так жана кылдаттык менен аткаруу зарыл. Дарылоо курсун өз алдынча кыскартууга болбойт. Эгер кандайдыр бир терс таасирлер пайда болсо, дароо доктуруңузга кайрылуу керек. Антибиотиктерди же башка препараттарды өзүн-өзү дарылоо же өзүн-өзү коргоо үчүн биринчи медициналык кеңеш албастан колдонууга болбойт.
8. Күйдүргүгө каршы вакцина жокпу?
Вакцина бар. Ал адамдарга жана жаныбарларга да иштелип чыккан. Малдын сибирь жарасына алдын ала көзөмөл кылуу үчүн вакциналар колдонулат. Адамдарга вакциналар чектелген санда берилет. Алар, негизинен бул илдетти жугузуп алуу коркунучу жогору болгон адамдарды коргоо үчүн колдонулат.
9. Күйдүргүнү кантип алдын алууга болот?
Мал жандыктарда илдетти алдын алуу адамдын ден-соолугун коргойт. Эгерде ылаңдаган мал табылса, аны дароо жок кылуу керек.
• малдын өлүгүн коопсуз жок кылуу,
• инфекцияланган объекттерди зыянсыздандыруу,
• дарылоону баштоо,
• тийиштүү учурларда башка жаныбарларды эмдөө.
Жугуштуу жаныбарлардын сөөгүн жок кылуунун эң жакшы жолу — өрттөө.
Ооруну жуктуруп албоо үчүн бул эрежелерге маани берүу зарыл:
• Оорунун жайылышын, вирус жуккан жайларды эрте аныктоо,
• Инфекция жугушу мүмкүн болгон оорулуу жаныбарларды жана объекттерди жок кылуу,
• мал союучу жайларда жана сүт заводдорунда тийиштүү санитардык-гигиеналык чараларды көрүү.
• Адамдарда өздүк гигиенаны туура сактоо маанилүү.
10. Эгерде үй жаныбарында сибирь жарасы жаңы гана пайда болсо, анын этин жана терисин колдонсо болобу?
Күтүлбөгөн жерден жыгылган малдын этин тамак-аш үчүн же башка прдукция чыгаруу үчүн колдонууга болбойт. Сибирь жарасы менен ылаңдаган малдын бардык бөлүктөрү коопсуз жок кылынышы керек.
Бруцеллезду малды кантип сактоо керек?
Касиет Кубанычбек кызы