Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Алма айылында 2019-жылы курулуп баштаган мектептин куруу иштери аяктап жатат. Быйылкы окуу жылында 375 орунду мектеп ишке кирүү алдында турат. Ага 72 млн каражат коротулган.
Көк-Алма айылындагы Рыскул Чойбеков атындагы № 27 жалпы билим берүүчү орто мектеби, 1970-1971 жылдары курулган. Кийинчерек балдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу кошумча корпус курулган. Бирок бул ал дагы жетишсиз болуп, 2007- жылы ошол мектептин жанына дагы бир корпус курулуп, учурда 503 бала окуйт. Аталган мектептин директору Алтынбек Токоев мектептин курулганына көп болгондуктан жана окуучунун саны көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы мектепке муктаждык жаралганын айтат:
“Учурда айылыбызга 375 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат. Азыркы окуп жаткан мектебибиздин абалы жакшы, бирок класстары тар, компьютер кана жок мектеп каналары тардык кылат, актовый зал жок жана аш канабыз дагы азыркы учурга жооп бере албайт. Кийинки 2003-2005 жылдары курулган корпусубуз мурунку катуу жер титирөөдө дубалынан жарака кеткен. Ошондо өзгөчө кырдаалдар министрлиги коркунучтуу абалда экен деп анализ койуп кеткен, бирок ошого карабай окуп жатканбыз. Биз 1-2 жыл мурда капиталдык оңдоо жүргүзгөбүз. Буйруса 1-сентябрдан жаны мектепке толугу менен көчөбүз.”
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башкы катчысы Сансызбай Нурсейитов 2019-жылы башталган мектептин курулуш ишинин созулуп кеткенине ковит 19 пандемиясы себеп болгонун айтты:
“Курулуш иштери 2022-жылы кайрадан башталды. Мектептин шарттары окуучуларга ынгайлуу. Мисалы: аш кана, спорт зал, актовый зал, даарат кана, класстар, мугалимдер бөлмөсү, китепкана баары ичинде толугу менен орун алган. Учурда ички ремонттор жүрүп жатат.”
Мектептин курулушун Ош облусундагы Көк-Алма айылынын “Сантех Монтаж” компаниясы жүргүзүп жатат.
Нуриза Калдарбаева