Белгилүүлүк боюнча суудан кийинки орунда чай турат. Бирок көк чай жөнөкөй чайлардан пайдалуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Көк чай көптөгөн жылдардан бери ичилип келет.
Көк чайдын ден-соолукка тийгизген таасири зор. Көк чай дененин бүт жерине пайдалуу жана абалынын оңолушуна алып келет. Курамында витаминдердин бардык топтору кальций, магний, цинк дагы көптөгөн витаминдер бар.
Көк чайдын мекени Кытай Республикасы болуп саналат
Жалпы абалдын жакшырышы үчүн күнүгө ичүү керек. Көк чай эң сонун, жагымдуу чай. Ичсеңиз көңүлүнүз ачылып, сейрек жүрөсүз. Кан басымы жогору болсо түшүрөт, кан тамырларды тазалайт жана айта кетсек ашказанга пайдалуу. Көк чай өлгөн клеткаларды жандандырууга жардам берет. Көк чайды ичпестен бетке бет май жасап кам көрсө болот.
Көк чай- кургатылган түрү
Ашыкча салмакты жоготууга дагы жардам берет. Эртең менен турганда биринчи орунда кофе ичпестен, анын ордуна көк чай ичсениз уйкунуз тез ачылат. Көк чай чайнекте бир күн сакталат, андан көп сактаса ачуу болуп калат.
Дары чөп: Адырашман чөбү көп ооруларды алдын алат
Айчүрөк Сапаркулова