Ак-Талаа району боюнча 2022-жылга карата бүгүнкү күнгө тоют даярдоо дээрлик аяктап, 95% бүтүп калды. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 716 га чөп аянты аз, анткени дан эгиндери айдалган. Учурда Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Баетов айыл аймактарында чабыла элек жерлер бар. Бирок оруп-жыюу иштери уланууда.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Казиевдин айтымында калган 8 айыл айыл өкмөттө тоют жыйноо аяктады.
«Быйыл чөптүн массасы жакшы болгондуктан айрым гана айыл өкмөттөрдө чөп таңгактагыч жетише албаганы болбосо, район боюнча чөп чабыкта техникалар жетиштүү. Кээ бир иштерман жарандарыбыз арык жээгиндеги чөптөрдү чаап, жыйнап алууга да жетишишти. Ак-Талаа районунда сугат суусу негизи эле тартыш. 3 айыл өкмөт насос менен камсыз болсо, калган айылдар тоодон аккан сууну гана күтүп ошону сугатка пайдаланышат. Бизге кардын жана жаан-чачындын жаашы маанилүү. Ошондуктан акыркы 10-15 күндөн бери күн нормадан ашык ысыгандыктан, сугат суунун келиши тартыла түштү»,- дейт.
Барчын Мамытбекова