Күндүз келип шахмат ойноп, кан басымын ченетип, сүйлөшүп, баарлашып кетип туруучу аксакалдардын клубу ачылды.
1-октябрь Эл аралык карылар күнү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында «Кызыл жарым ай» коомунун колдоосунда аксакалдар клубу ачылып, айылдагы 45 улуу муундагы адамдар чакырылып, майрамдык маанай тартууланып, белектер берилди.

Ачылыш аземи
«Бул клубдун негизги максаты айылдагы аксакалдардын ден-соолугуна кам көрүү. Алдыда ал жерге келгендерге ысык тамак уюштуруп берип, акырындык менен машыгуу залы менен чуркоочу жолдордорду жасоого долбоор жазып алсакпы деп пландап жатабыз»,-дейт долбоордун уюштуруучулары.

Майрамдык белектер тапшырылууда

Ал эми райондун калган айылдарындагы карыялар айыл өкмөтү тарабынан куттукталып, аларга чакан белектер тапшырылды.
Бул жылы Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Адымкуловдун белегине Ат-Башы районунан 2 карыянын тизмеси берилген.
Мындай майрамдык куттуктоо жыл сайын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана жалпы айыл өкмөттөр тарабынан өткөрүлүп келет.
Жалпы Ат-Башы району боюнча 1811 улгайган адам бар болсо, алардын ичинен 3 карыя 100 жаштан ашкан.
Ат-Башы: Ак-муз айылында техникалык кызмат көрсөтүүчү ишкана ачылды
Асель Уркунбаева