38 жаштагы Аида Кулкобонова 7 баланын апасы. Ал үйдө отурганда турдүү кол өнөрчүлүк менен алектенип келген. Учурда чырак (светильник) гүлдөрдү жасайт. “cheberaiym”-аталышындагы инстаграм баракчалары аркылуу турдүү гүлдөрдү жасап сатып кошумча киреше булагына айландырып алган.
Аида Кулкобонова кесиби боюнча аймак таануучу. Кичине кезинен тарта кол өнөрчулүккө кызыгып, түрдүү сайма сайып, байпактарды токуй алчу. Кийин турмушка чыгып балалуу болгондо балдарына дагы ар кандай кийимдерди токуп кийгизип баштаганын айтат. Аны көрүп кызыккандар азыркыга чейин буйрутма берип токутуп алышат:
“Кол өнөрчүлүккө кызыгып жүрүп 3 жыл мурун инстаграмдан гул светильниктерди көрүп калып кызыгуум артып баштады. Үйрөнгүм келип мастер класстарды издеп сатып алып баштап калдым. Азыр жалан орустардын мастер класстарын сатып алам. Үйрөнөм деген кыздарга онлайн үйрөтүп келем.”
Чырак гүлдөргө суроо талап жогоруу экенин айткан Аида Кулкобонова кадимки табийгый гүлдөр тез эле соолуп калса, чырак гүлдөр көп жылдар боюу кызмат кылат:
“Светильник гүлдөрдүн өңү өчпөй, эч кандай жыт чыкпайт жана зыяны жок. Күндүз үйгө көрк, түнкүсүн нур берет. Гул жасоо үчүн строительный фен,термопистолет,изолон,фоамиран,металлопластиковая труба,лампа,проволока,шнур жана башка буюмдар керектелет. Бул гүлдөрдү жасоо өзүнчө рахат тартуулайт. Түрлүү ойлор,идеялар,кыялдануулар. Айтор бул гүлдөрдү жасоо менен энергия, эргүү, шык, рахат алам жана ошону менен бирге кирешеге да табам.”
“Кардарларга кээде өзүм каалап жасаган гүлдөрдү сунуштайм же өздөрү кайсы гүлдү жасап бер десе ошону жасаганга аракет кылам. Ар бир гүлгө ар кандай убакыт кетет. Материалдарым баары даяр болсо бир күндө эле жасап коем, болбосо 2-3 күн кетет.”
Табигый азык жасап ишкерлик кылган жаш үй-бүлө
Колго токулган оюнчуктар сапаттуу болуп көпкө колдонулат
Декреттик өргүүдө ишкерликти баштагам
Айгерим Кубатбекова