Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элге белгилүү болгондон кийинки чыккан нааразычылыктар аймактарда да орун алды. Район жетекчилиги, айыл өкмөт башчысы жана башка жетекчилерди алмаштыруу аракеттери да болду. Учурдагы коомдук кырдаал боюнча Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундарынын пикирин сурадык.
«Бизде абал тынч, жакшы, бирок Бишкек жак дагы эле тынчыбай жатат окшойт. Саясатчылар бири дагы элди ойлогон жок. Шайлоодо түштөн кийин элди машиналар менен шайлоо участкаларына ташыган учурлар болду. Бирок урнага барганда шайлоочулар өзү каалаган партияга добуш берди. Бизге эч ким акча сунуштаган жок. Өзүбүз чын дилден эле добуш бердик»,- дейт мугалим Светлана Халбаева.
«Көп жылдан бери жеке ишкердик менен алектенемин, дүкөн иштетемин. Бизде коомдук абал тынч, жакшы. Шайлоого бардык, өзүбүз ичибизден тандаганыбызга добуш бердик»,- дейт жеке ишкер Рано Ташкенбаева.
«Үй-бүлөм менен шайлоого катыштык, өзүбүз каалаган партияны шайладык, өкүнүчтүү жери шайлоонун жыйынтыгы бузулуп кетти. Бизде коомдук абал тынч, ар ким өз тиричилиги менен убара, азыр күз мезгили болгондуктан саясатка деле убакыт жок, кечинде бош болгон учурда эле телевизордон көрүп калабыз»,-дейт Обида Собирова.
«Бизде абал тынч, жакшы, Бишкекте абал курч экенин телевизордон көрүп жатабыз, бирок бизде Үч-Коргондо эч кандай топтолуу, баш аламандык деген болгон жок. Кадимкидей эле турмушубуз уланып жатат. Биз үчүн стабилдүүлүк керек»,-дейт Катяхон Тургунбаева.
Саясий нааразычылыктардан кийин Сүлүктүдөгү коомдук абал кандай?
Диля Мамаджанова, Бакытбек Сапаркулов