Кадамжай районунда тил майрамынын бир айлыгы жыйынтыкталып, ага Үч-Коргон айылынын тажик жана өзбек тилдүү мектептеринин мугалимдери катышышты.
Буга чейин «23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамына» карата Кадамжай районунун акимчилиги тарабынан бир айлык жарыяланган.
Анын алкагында Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мугалимдери менен Халмион айыл өкмөтүнүн мугалимдери арасында түзүлгөн жобого ылайык командалар арасында сынак өттү.


Сынакта тилдеги эски сөздөрдүн чечмелениши, диалектикалык кептердин мазмуну айтылды. Сынакта Үч-Коргондон келген мугалимдер жеңүүчү деп табылып, түрдүү идиш-аяктар жана санариптик ресиверлер белекке берилди.
Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинин мугалими Соня Кыргызбаеванын айтымында, сынак кызыктуу өткөн.
«Иш-чара мыкты деңгээлде өттү, абдан кубанычта турамын. Биз жеңүүчү деп табылдык.»
Халмион айыл аймагында өзбек тектүү элдер, ал эми Үч-Коргон айыл аймагында тажик улутундагы калк басымдуулук кылат.
Даярдаган: Шохиста Курбанова
Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат