Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдолуп кайрадан ишке берилет. Буга чейин жергиликтүү тургундар бир канча жолу аталган аба майданын жаңылоо керектигин айтып чыгышкан.
Кызыл-Кыяга аэропорттор кеңешинин төрагасы Болот Жумабеков жана Бишкектеги “Манас” аба майданынын өкүлдөрү 14-ноябрда жумуш сапары менен барышты.
«Биз Кызыл-Кыя шаар башчылыгына тийиштүү тапшырмаларды бердик. Оюбузча, тез аранын ичинде иштер алып барылат жана көздөлгөн максатка жетишилет», — деп билдирди Болот Жумабеков.
60-жылдары негизделген аба майданы Кызыл-Кыя шаарында үч багыт менен жүргүнчүлөрдү тейлеген. Ошондой эле жүк учактарын да кабыл алып турган. Кийинчерээк аэропорттун жабдыктары Баткен шаарына өткөрүп берилип, аэропорт өзү жабылган.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сүрөт: Интернет булактарынан алынды