Информатика сабагы боюнча Сокулук районундагы мугалимдердин тажрыйба алмашуу иш-чарасы Жал айылындагы Мамыралиев орто мектебинде болуп өттү.
Мээрим Кудайбергеновна:
— Сокулук райондук Билим берүү бөлүмүнүн усулдук борборунан келдим. Бүгүнкү ачык сабактын алып баруучусу Назгүл Жолдошбековна абдан жакшы даярдыктарды көрсөттү. Бул ачык сабак, өзүнүн максаттына жетти. Ал эми КВН боюнча айтсам, төрт топко бөлүнүштү. Ар бир топ, чоң ийгиликти көрсөтүштү. Бирок, эң жакшы даярданган жана башка топтордон айрымалаган бул “Инстаграм” тобу болду. Ошондуктан “Интернет” тобу 1-орунду алышты. Мектеп жамаатына бүгүнкү иш чаранын өтүшү боюча чоң ыраазычылык билдирем.
Турдалы кызы Айзада, мугалим:
— Мен Сокулук районуна караштуу Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектебинен келдим. Назгүл Жолдошбековна информатика сабагы боюнча 8в орус классында “Обработка числовой информации. Формулы в электронных таблицах” деген темада абдан жакшы ачык сабак өттү. Биз семинарга келген мугалимдер тажрыйба алмашууда жакшы нерселерди билдик. Сабагы “эң жакшы” деген баага татыды. Менин оюмча, Назгүл эжей класстан тышкаркы иш чарада, интернеттин жаман жана жакшы жагын окуучулардын даярдыгында көрсөтө алды. Азыркы замандагы балдар интернет булактарын көп крашат. Жаңы өсүп келе жаткан өспүрүм балдар эшикке чыгып ойнобой, интернет оюнун ойношот. Бул учурда эң глобалдуу маселе болуп жатат. Ошондуктан интернет тең жактуу. Мектептин администрациясына чоң рахмат.
Сакеева Алтынай:
— Мен Селекция айылынын Орок орто мектебинин информатикадан берген мугалими болом. Бүгүнкү ачык сабак чоң деңгээлде өттү. Семинарда тажырыйба алмашуу боюнча абдан жакшы даярдыктарды көрдүк. Азыркы коом — маалымат коому деп аталат. Ар бир адам өзүнүн маалыматтын өстүрүш керек. Назгүл эженин “Паутина” атуу КВН сынагында окуучулары бул темада чыгармачылык менен өзүдөрүнүн даярдыктарын көрсөтүштү. Эжеге бекем ден соолук, ишинде иийгилик каалайм.
Кубанычбек кызы Бегимай:
— Мен Жаңы Жер орто мектеп комплекссинде үч жылдан бери информатика сабагынан мугалим болуп иштейм. Мамыралиев метеп-гимназиясында өтүлгөн ачык сабак абдан жакшы өттү. Өзүмө көптөгөн тажырыйба топтодум. Мугалимдерге даярдык үчүн ыраазычылык.
Даярдаган: Асел Эркинбекова, Акыл Манасбеков.
Редактору: Ууржан Молдокулов.