«Радиомост» жамааттык үналгысынын кабарчысы Азимкан Сулайманова Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ыраазычылык каты” менен сыйланды.
Азимкан Эсенбековна Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылынын орто мектебинини мугалими. 2008-жылдан тарта “Радиомост” үналгысында элдик кабарчы болуп эмгектенип келет. Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана ошондой эле калктын күжүрмөн эмгегин чагылдырууга кошкон салымы зор.

2008-жылы “Радиомост” Талас облусу боюнча 53 элдик кабарчынын түйүнүн түзгөн, бул долбоор Кыргызстандагы Европа коммисиясынын өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова