Токтоян айылында кайрымдуулук концерти болуп өттү. Ысык-Көл облусундагы региондорго кайрымдуулук концерти анын ичинде Токтоянда да болуп өттү. Концерттин негизи максаты дартка чалдыккан Айнагүл жана Айжамал аттуу жердештерге жардам көрсөтүү болчу. Айыл тургундары активдүү катышып берише алышты.
Уюштуруучулардын бири Ырысбек Идирисов маалымат берип өттү:
«Биз фонд эмеспиз биз кайрымдуулук жааматыбыз. Чогулган акча толугу менен дарылоого кетет. Дарылоо чет мамлекетинде болот. Концертти коштоп келген белгилүү ырчы айымдар келди жана аларга терең ыраазычылык билдирем. Керектелген каражат марафон аркылуу да чогулттук. Айыл тургундары жакшы кабыл алышты. Токтоян айылына 300 билет чыгарганбыз, 20 билет гана калды. Айнагүл жана Айжамал аттуу жарандарыбыз Түп жергесинен болгондуктан, Түптөн баштоону чечип, Токтоян үчүнчү айыл болуп концерт коюп келдик. Талас жергесиндеги Алтын Казык соода борбору өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Азыркы максатыбыз жарандарыбызды айыктырууга жардам көргөзүү. Айжамал жана Айнагүл эжебиздин дарты тууралуу айта кетсек, адам баласынын боору 100% болсо, алардыкы 10% бөлүгү гана иштөөдө. Операцияга 31000 АКШ доллары керектелет деп билдирип өттү»,- Ырысбек Идирисович.