Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Айнура Мамытова алты баланын энеси. Төрт уулу жана эки кызы бар учура төрт келиндин кайын энеси көпчүлүктүн аң сезиминде калыптанып калгандай кайнене келин ортосундагы пикир келишпестикти жөнгө салуу жөнөкөй экенин айтат.
Алгач келин болуп келгенде…
«Келин деле өзүңдүн кызыңдай болот. Ал дагы бирөөнүн баласы да. Жаңы келген күндөн тарта эле өз балдарыңдай көрүп бооруңа тартып карап, тарбия берип бала-чакалуу болуп көнүп кеткенче жакшылап кароо керек. Менин алгач келин болуп калгеним албетте эсимде. Анда мен эч нерсе билбеген кичинекей жаш секелек кезим болсо керек. Бирөөнүн үйүнө көнүү, аларга аралашып кетүү кыйын. Бирок, кыз бала ушундай болот экен ага деле көнүп кетет. Илгертен эле кызды башка үйдүн бүлөсү, кыз өз үйүндө конок деп тарбиялап бизди ошол турмушка акырындап көндүрүп келишет экен.»
Үй-бүлө жаңы келинди кандай күтөт?
«Келинди чоң кубаныч менен күтөт кыргызда айтылат го башыбызга баш кошулду деп бул эң жакшы нерсе. Келинди деле өз балаңдай күтүп алсаң ал дагы сага ошондой кызматын көрсөтөт. Ага жакшы мамиле жасап малай катары тутпаш керек. Жакшы карап кийиндирип керектүү нерселерин алып берип карасаң келин ошондо көнүп татыктуу үй-бүлө боло алат.»
Алгачкы келин алгандагы сезимдер…
«Биринчи келин алганда абдан сүйүнүп, толкунданып эмне кыларды билбей, андан кайра биз уялып аябай башкача сезимдер болгон. Келин алып, кыз берүү убагы келгенде аткаруу бир чети ата-эненин милдети болсо бир жагынан жаңы кичинекей мамлекеттин түптөлүүсу болуп көңүл кубантат.»

Келиндери жөнүндө…
«Менин төрт келиним бар кудай буйурса келиндерим аябай жакшы. Аларды өзүбүзгө жакын коңшу айылдардан эле алганбыз Сары-Дөбө, Арал жана өзүбүздүн эле Тасмадан. Бизге таттуу неберелерди төрөп беришти. Балдарынын сүйүктүү апалары, балдарымдын сүйүктүү жубайлары менин сүйүктүү келиндерим.»
Келиндердин кулагына күмүш сырга…
«Кайын эненин көңүл алуу үчүн жакасын кирдетпей тамак ашын даярдап берип. Убагында туруп, ошол жердин ыгына көнүп барган жеринин ырын ырдап кетсе эле жакшы болот. Жаңы барган үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүн жакынындай көрүп аларга жакшы мамиле жасап. Кайын атасын, жолдошун сыйлап турса эле барган жерине жагат. Жашоо турмушта ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн бир аз кыйынчылыктар болсо кетем дебей көнүп кеткенге аракет кылышса деген кеңешимди айтаар элем.»
Келиним экөөбүзгө бир машина сатып алдык. Бир үй-бүлөнүн таржымалы.
Тест. Сиз турмуш курууга даярсызбы?
Турмуш курууга шаштырган стереотиптердин эртеңи кандай?
Айгерим Кубатбекова