Кочкор-Эпкин альтернативдик жолун оңдоодо, жер алдынан археологиялык табылгалар табылган. Табылгалар Кочкор районундагы Ак-Бел, Тармал-Саз, тилкесинен жана Бакечал бурулушунан табылган. Альтернативдик жол 3кө бөлүнөт. Эпкин-Балыкчы, Эпкин-Дыйкан, Эпкин-Жалал-Абад.
Изилдөө 2020-жылдын декабрь айында башталган жана 20 күнгө созулган.
Изилдөөгө жетекчи болуп Кыргыз- Түрк Манас университетинин мугалими, доцент, тарых илимдеринин кондидаты Күнболот Акматов дайындалган.
Дыйканбай уулу Сыймыкбек ассистент, Кыргыз Түрк Манас университетинин 4 курсунда тарых бөлүмүнүн студенти буларга токтолду:
“Негизи ушундай мыйзам бар кандайдыр бир жол же обьекти салына турган болсо, жолдун 50 метр тарабында тарыхый эстелик болсо, жол салуу токтотулат. Археологдор келип изилдеп өткөрүп бермейинче жол салууга уруксаат жок. Ошол мыйзамга таянып, изилдөө жүргүзүлдү. Атайын экспедиция уюштурулган.
Бир канча курган каздык, табылгалар табылды. Анын ичинен Тармал-Саз участогундагы курган-2 аталышындагы эң чоң масштабдуу курган болду. Диаметри 36 метр болгон курган казылды. Бул курган сак дооруна таандык. Сак доору мындан 2500-3000 жыл мурда болгон. Сак эли ушул аймактарда жашашкан. Кургандан сак доорунун адамдарынын сөөктөрү табылды. Кургандын ичинен таш плиталары менен куралган табыт табылган. Анын ичинен адамдын мартабасына жараша бычак, жилик, кумара, керамикалык идиштер коюлган.
Курган бул бизче которгондо мүрзө дегенди билдирет. Коргон деген сөздөн келип чыккан. 1 курганды 3-4 адам казышты. 1 курганды казууга 1,5-2 күн кетип жатты. Адамдын мартабасына жараша курганы дагы чоңоё берет. Эгер адам баатыр же хан болгон болсо, ошого жараша курган жаралат.»
Изилдөөгө катышкан ассистенттердин бири Кыргыз- Түрк Манас университетинин студенти Озан Турхан буларга токтолду:
“Учурда Кочкор-Эпкин жолу салынып жатат. Кыргыз Республикасынын маданият министрлиги тарабынан, биз жолдун 50 метр оң, 50 метр сол жагындагы жердин алдында калган тарыхый эстеликтерди изилдегени келдик. Негизи мыйзам боюнча ушундай, чоң жол салынганда бул жолдон жеңил машиналар эле эмес, чоң машиналар дагы өтүп жатат. Чоң машиналар өткөндө жер титирейт, анын кесепетинен жер алдындагы тарыхый нерселер бузулуп кетет.”
Азыркы учурда тоң түшүп кеткендигине байланыштуу казуу иштери токтотулган. Март, апрель айларында кайра улантылат. Эстеликтерди казып алмайынча жол салынууга болбойт.
Перизат Таштанова, Сильвара Төлөбекова, Кусейин Марат уулу