Кочкор районунун Төлөк айылында 2017-жылы курулуп башталган спорт зал бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат. Спортзалдын жоктугунан мектеп окуучулары дене тарбия сабагын эшикте өткөрүүгө мажбур. Ошондой эле айылда спорт менен машыгууга да эч кандай шарттар жок.
Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Чекирбаев спорт залдын бүтпөгөнүнүн себеби каражаттын жетишсиздиги жана covid 19 га байланыштуу дейт:
“Спортзал каражаттын жетишсиз болуп жатканыдыгынан бүтпөй турат. Андан тышкары пандемия да таасир этти. Курулушту бүтүрүүнүн башка дагы жолдору жок. Президент 2021-жылдын эсеби менен акча бөлүп берет, буюрса ушул жылы курулуш иштери бүтөт”.
Соң-Көл орто мектебинин директору Касымбек Мамбеталиев:
“Спорт зал 2017-жылы мамлекет тарабынан башталган. Азыркы турганына чейин 10 миллион сом кетти. Буга чейин айыл өкмөт бийлик тарапка кайрылган, бирок 2020-жылы дүйнө жүзүн каптаган Сovid- 19га байланыштуу Кыргызстанга да залакасын тийгизди. Мамлекетте акча жоктугуна байланыштуу азыркы күнгө чейин бүтпөй турат. 2021-жылы бүтөт деген ойдобуз. Спорт зал өз убагында бүтүп калса, окуучуларыбызга аябай жакшы болмок. Окуучуларыбыз дене тарбия сабагын жана ошондой эле кружокторду спорт залдын ичинде өтмөк”,- деп билдирди.
Дене тарбия мугалими Райымбек уулу Азамат сабак өтүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди:
“Спорт зал футбол, волейбол, баскетбол ойногонго ылайыкташып салынып жатат. Спортзал жоктугунан балдарыбыз суукта кыйналат. Кээ бир учурларда эшикке чыкпай, класста тыгылып өтүүгө туура келет. Зал жок балдар эшикке ээн- эркин ойной алышпайт”.
Айыл тургундары спортзалдын эмне себептен бүтпөй жатканын түшүнбөй жатышканын айтышат. Алар балким каражат жетишсиздир деген ойдо.
Ал эми мектеп окуучулары кышында эшиктеги машыгуучу шаймандар тоңуп калат дешет. Спорт менен машыгууга мүмкүн эместигин айтышты. Алар спортзалдын бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
Шаршеналы уулу Кудайберген, Айбек кызы Айпери, Бакай кызы Нураида