Кол өнөрчү Калысбек 27 жашта. Ал борбордогу жеке тигүүчү цехтердин биринде эмгектенет. Ушул тапта кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыргыз оймосу түшүрүлгөн жер төшөк, жууркан, жаздыкчаларды жасайт. Бул иш менен ал 10 жылдан ашуун убакыттан бери алектенет.
“Бул өнөрдү мен апамдан үйрөнгөм. Бала кезден апама жардам берип жүрүп, көзүбүз, колубуз көндү. Шыгым бар болгондуктан, бат эле өздөштүрүп кеттим. Мен үчүн бул нерсе кызык, жумушумду сүйөм, ошондуктан талыкпай иштеп келем. Буга чейин көп жерлерде иштедим, нан жасап, дарбаза жасап, кесибим боюнча банкта да иштеп көрдүм. Бирок өзүмө жаккан кесип ушул болду.”
“Бул нерсеге дагы чыгармачылык керек, кооз оймолорду түшүрүү үчүн изденебиз. Ар бир оймонун өзүнүн аталышы, түшүндүрмөсү бар. Кардарлар менен сүйлөшүп жатып эле анын табити кандай, эмнени каалап турганын дароо эле билип, ойдогудай сапаттуу жана убагында даяр кылып беребиз.”
Үй-бүлөдө Калысбектин агасы да кол өнөрчүлүк менен алектенип келсе, иниси Японияда ашпозчулук кесипти аркалайт. Агасынан көрүп кызыгуу жаралгандыктан ал өзү да башкаларга устат болуп, бүгүнкү күндө ийгиликке жетип жаткан шакирттери бар.
“Сизден үйрөнсөк болобу деп кайрылгандардын саны көбөйүп баратат. Ошондуктан атайын курс ачып, окуу жүргүзсөк деген пландар бар. Менин билишимче бул өнөргө кызыккан мырзалар аз. Мен үйрөткөн шыктуу, таланттуу балдар бар. Алар да буйрутма алып иштешет.”
Кыргызстанда кол өнөрчүлүк жаатында сынактар байма бай болуп турат. Бирок алардын көбү кийим-кечеге арналгандар. Калысбектин айтымы боюнча төшөк көктөөгө арналган сынактар аз гана уюштурулат. Ошентсе да болгон иш-чараларга катышып, байгелүү орундарды алып турат.
“Спорт ордосунда “Чеберлер” деген сынакка катышкам, ал жактан алган сыйлыгымды апама белек кылып бергем. Анткени ушул жолду тандоомо, ушул өнөргө кызыгуума апамдын салымы чоң. Азыр дайыма колдоп, сыймыктанып турат.”
Каарманыбыз келечекте кыргыздын оймо-чиймелерин чет өлкөлөргө таанытууну, бул өнөргө жаш муундун кызыгуусун арттырууну каалайт.
Зыйнат Самар кызы, Айдана Токтобекова