Мээрим Осмоналиева Oasis фондунун директору. Ал иш алып барган уюм Бишкектеги аярлуу топтогу балдарды социалдаштыруу жана интеграциялоо менен алектенет. Ал дүйнөгө атагы чыккан Оксфорд университетине гана эмес, башка университеттерге дагы тапшырып өтө алган.
— Мээрим, саламатсызбы? Лондондо кайсы багытта билим аласыз?
— Мен азыркы учурда Лондон Университеттик колледжинде (UCL) билим алам. Бул окуу жай социалдык саясат жана өнүгүү багыты боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат. Бул багытты өзүм тандап алгам. Биринчи билимим экономика багытында болчу. Андан соң, аярлуу топтогу балдар менен иш алып баруу багытында билим алууну көздөдүм. Мен Оксфордго дагы өткөм.
— Ага чейин Бишкекте билим алсаңыз керек…
— Таласта төрөлүп, чоңойдум. Кийин үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келдик. Бул жерде Кыргыз-Орус Славян университетинде экономика факультетинде билим алдым. Ошол учурда мен бухгалтер багытында эл аралык дипломго ээ болдум. Эл аралык уюмдарда иштеп жүрүп, адамдарга жардам берүү багытында иштөө жүрөгүмө жакын экенин сездим.
— Лондондо кайсы окуу жайларга тапшырдыңыз?
— Ачыгын айтканда мен өзүмө чет өлкөдө билим алам деген максат койдум. Анткени, эл аралык өнөктөштөр менен көп иш алып барам. Ошондой эле чет өлкөлүк досторум көп. Мындан улам өзүмдүн билим деңгээлимди жогорулаткым келди. Дүйнөдөгү, тагыраагы Британиядагы топ-3 университтин биринде билим алууну көздөдүм. Оксфорд, Лондон Экономика жана Саясий Изилдөөлөр Мектеби (LSE), Лондон Университеттик колледжине (UCL) өттүм. Бул үч окуу жай тең алтын үч бурчтук деп аталат. Себеби, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, илимпоздор чыгышкан. Мен бул үч окуу жайдын акыркысын тандадым.
— Чет өлкөдө билим алууга кантип даярдангансыз?
— Менден бул тууралуу көп тааныштарым сурашат. Алар IELTS же TOEFL тапшырууга 6 ай аралыгында даярданып жетишем деп ойлошот окшойт. Себеби, мен академикалык англис тили үчүн 1 жыл даярдангам. Керектүү балл алуу үчүн 6-7 жолу тест тапшырдым. Бул абдан татаал процесс болду. Анан калса, мен айрымдар сыяктуу Борбор Азиядагы Америка Университетинде билим алган жокмун. Же айрым студенттер сыяктуу колдоо көрсөтүп тургандар жок эле. Бардыгына өз аракетим менен жеттим. Күн сайын 4 саат англис тилин үйрөнүүгө арначумун. Биздин үй-бүлөбүздө англис тилин эң жакшы көргөн мен болсом керек. Таласта жашап жүргөндө ата-энем мени тил курсуна катыштырбаса дагы, шаардын башынан аягына чейин ыктыярчыга жөө барчумун.
— Окууну бүткөндөн кийинки пландарыңыз кандай?
— Окууга тапшырып жатып деле мен Кыргызстанга арналган 15тен ашык долбоорду ишке ашырдым. Менин аярлуу топтогу балдарга арнаган долбоорлорум ийгиликтүү жүрүп жатканына кубанычтамын. Бул иштерди алдыда менин командам алып барат. Албетте, мен аларга жардам берип турам. Келечекте өзүмдүн келечегимди дүйнө өлкөлөрү менен байланыштырам. Ал эми Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунда турат.
— Балдарга багытталган долбооруңуз тууралуу айтып берсеңиз.
— Биз жүзөгө ашырган эки долбоор менин жүрөгүм абдан жакын. Биринчиси мыйзамга каршы конфликтте болгон т.а кылмыш кылган балдарга багытталган. Алар көп учурда коом тарабынан басмырланып, обочолонуп калат. Аларды классташтары, достору гана эмес, ата-энеси, бир-туугандары дагы четке кагат. Менин долбоорумдун идеясы ал жаш балдарды реабилитациялык көмөк аркылуу коомго кайтаруу. Балдарга психологиялык колдоо көрсөтүлүп, ЖОЖдорго тапшыруу, жашоолорунун жаркын келечегин түзүүгө багытталат. Балдар менен иш алып барууда көптөгөн кылмыштар жакырчылыктын кесепетинен, ата-эне тарабынан колдоонун жоктугунан келип чыгаарын түшүндүк. Дагы бир долбоорубуз балдар интернаттарынын бүтүрүүчүлөрүн коштоо. Кыргызстанда ата-энесинин кароосуз калган балдардын саны өсүүдө. Биздин долбоор балдарга билим алуу, турак жай, медициналык жардам алуусуна багыт берди.
Касиет Кубанычбек кызы