30 жылдан ашык убакыттан бери ардактуу кесипти аркалап келе жаткан тажрыйбалуу мугалимдер “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Алардын арасында 46 жылдан бери орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Анаркүл Байтикова дагы бар.
Жамааттык Медиа Билим берүүнүн мыкты мугалими менен таанышып, маек курду.
— Саламатсызбы? “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиңиз кут болсун. Кандай сезимдерге курчалып турасыз?
— 46 жыл бою мектепте иштеп, эмгегимди балдардын билим алуусуна арнадым. Ооруп калган учурда дагы мектепке баргым келе берет. Окуучулар жүрөгүмдө биринчи орунда турат. Тезирээк сакайып, мектепке барууга умтулам. Балдарга жакшы тарбия, билим берип, из калтыргым келет.
— 46 жыл ичинде орус тили жана адабиятын балдарга жеңил үйрөтүү ыкмаларыңыз түзүлсө керек…
— Мектепте балдарга билим берүүдө көп китеп окуп чыгам. Кыргыз, орус классиктерин, дүйнөлүк адабияттарын окуйм. Мугалим катары окуучуларга орус тилин, адабиятын гана үйрөтпөстөн, жашоого тарбиялагым келет. Сабакка даярданып жатканда ошол өзүм окуган адабияттардан маанилүү үзүндүлөрдү издейм. Ал тексттерди дагы балдарга окутам. Себеби, алар турмуш тууралуу. Балдар ошого кызыгат. Ал эми орус тилин оңой үйрөтүү үчүн Кыргызстандан, Орусиядан басылып чыккан китептерди колдоном. Мисалы, кыргыз класстарга Орусиянын китептерин колдоном.
— Орусиядан басылып чыккан китептерди колдонууңуздун себеби кандай?
— Бишкекте учурунда абдан жакшы китептер сатылчу. Алардын мазмуну жогорку деңгээлде эле. Анда Кыргызстандын жаратылышы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жөнүндө жакшы камтылган. Ошол китептерди мен азыр дагы орус класстарга колдоном. Алар дагы Кыргызстандын атуулу катары өлкөбүздүн баалуулуктарын билсе дейм. Ал эми Орусиянын китептерин кыргыз класстарга колдоном. Интеллектуалдык деңгээли жогору, турмушка даяр, руханий дүйнөсү бай окуучуларды тарбиялоого көп көңүл бурам.
— 46 жылдык иш тажрыйбаңызда бир гана Бишкек шаарында эмес, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын шаар жана айылдарына эмгектенген экенсиз…
— Балалыгым Ысык-Көлдө өттү. Атам билимге маани берген адам эле. Биз үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Баарыбызды орус мектепке берди. Менин мугалим болуу тууралуу кыялыма мугалимдерим чоң таасир берди. 9-класста окуп жатканда Орусиядагы Патриса Лумумбы атындагы окуу жайды (ред: Элдер достугунун Россия университети) бүткөн Петр Петрович аттуу мугалим келди. Ага кадыр-барктуу окуу жайды бүтүп, эмнеге бизде эмгектенип жүргөнү тууралуу көп суроо берилчү. Ал мен жөнөкөй адам болуп жашап, балдарга терең билим бергим келет дечү. Алгачкы иш тажрыйбамды Нарында баштадым.
— Күнүгө үйдөн мектепке чейин жөө басып, физикалык активдүүлүккө маани берет экенсиз. Мындай жашоо образына кандайча келип калдыңыз?
— Бала кезде эле мектепке чейин жөө басып, сабакты кайталачумун. Ошол адатым калган жок. Үйдөн жумушка чыкканда эле өтүлчү сабакты кайталап, ойлонуп барам. Таза абада басуу билим берүү, билим алууга абдан чоң пайдасы бар. Адам физикалык активдүү болсо, бир нерсени тез кабыл ала алат.
— Мугалимдердин айлык акысы көбөйгөнү менен кымбатчылык шартында анын жетпей жаткандыгы айтылып келет. Балдарга билим берүүдө айлык акынын аздыгы кандай таасирин тийгизет?
— Негизи ал чоң таасирин тийгизет. Мугалим интернет колдонуу үчүн бирдик салат. Жакшы сабак берүү үчүн китеп дүкөндөрүнө барат. Азыр китептер дагы кымбат. Мугалимдер окуучу балдардай эле түрдүү окуу куралдарын колдонот. Кагаз, калемден тарта өчүргүчкө чейин бардык нерсе даяр болушу керек. Анын бардыгы акча менен чектелет.
Касиет Кубанычбек кызы
Билим берүү министри мектептин абалы менен таанышты
Акталаада билим берүү тармагынын «Мыкты мугалим» жана «Мыкты тарбиячысы» аныкталды