Кант диабети дүйнө жүзүндө көп тараган оорулардын бири болуп саналат. Ал инфекциялык эмес, өнөкөт оорулардын катарына кирет. Кыргызстанда дагы бул илдет менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Мунун себеби оору алгачкы жылдары билинбеши мүмкүн. Ошондой эле жарандар аны элдик медицина жолу менен айыктырабыз деп көп убактысын коротуп коюшарын айтат эндокринолог дарыгер Дильбар Сатарова.

Адам суусап, оозу кургап баштайт. Айрым учурда салмагын жоготот.
Кант диабетинин түрү көп. Эң негизги түрлөрү 1-тип, 2-тип жана гистациялык (аял кишинин кош бойлу кезинде пайда болгон) жана башка түрлөрү бар.
Эндокринолог Дильбар Сатарова бизде 2-тип менен ооругандар көп кездешерин айтат. Алар таблетка түрүндөгү кантты төмөндөтүүчү препараттар менен колдонушат. Ал эми 1-типтегилер болсо инсулингди гана ала турган оорулулар болуп эсептелет. Булар инсулинге көз каранды.
Ковид-19 кант диабети менен ооругандар үчүн оор түрдө өтөт. Алардын иммунитети дагы төмөндөп кетүүсү күтүлөт. Мындан улам ооруну тез жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору. Андыктан бул учурда өнөкөт оорусу бар адамдар өздөрүн жакшылап сактоолору зарыл. Ошондой эле өздүк дарыгери менен кеңешип анын уруксаты менен вакцина алуулары керек. Кант диабети менен ооруган адамдар бул учурда өзгөчө санитардык эрежелерге көңүл буруулары маанилүү. Эл көп чогулган жерлерге барбай турганы жакшы.
Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча кант диабети менен ооруп катталгандардын саны былтыркы жылы 65миңди түзсө, быйыл 72миңге жеткен. Дарыгер катталбай жүргөндөр болушу мүмкүн деп эсептейт. Себеби дарыгерге көрүнсө дайыма дарыга көз каранды болуп калам деп ойлоп ар кандай дары чөп, чайлар менен даарыланып көрүшөт. Албетте, бул жардам бербейт. Кант диабети медицина жолу менен гана дарыланат. Чай жана чөптөрдү кошумча катары гана колдонууга болот.
Айгерим Кубатбекова