Коронавирус менен ооруп айыккан бейтаптар дагы деле дарттын белгилери алсыроо, чарчоо, тердөө сыяктуу абал кетпей жатышканын айтышууда. Айрымдардын ден-соолугунда ар кандай өзгөрүүлөр болуп жатанына тынсызданышып бул канчага созуларын билгилери келет. Суроолорго пульмонолог дарыгер Венера Эшенкулова жооп берет.
1. Ковид менен ооруп калган бейтаптар канча күндө толук сакайып чыгат даарылануу канчага созулат?
Коронавирус жугузуп алган адамдар орто эсеп менен эки жуманын ичинде жугуштуу эмес болуп калат деп айтылат. Бирок, бул ар бир адамда жекече түрдө өтөт. Дагы бир айта кетчү жагдай оорунун белгилерин баарыбыз эле билип калдык. Ал кетүү, шалдыроо, жыт, даам сезбей калуу, дене табынын жогорулашы, баш оору, мурун бүтүү сыяктуу белгилер байкалганда эң биринчи ПЦР анализ тапшыруу зарыл. Бизде тилекке каршы мындай белгилер байкалары менен рентген, томографияга түшүп келип жатышат. Бул туура эмес, анткени коронавирус алгач эле өпкөгө түшүп кетпейт. Ал биринчи дем алуу органдарынын өйдөңкү бөлүгүндө кармалат. Биринчи белгилери болгондогу биринчи кадам ПЦР анализ тапшыруу. Ошол эле учурда обочолонуу абалын сактоо зарыл.
2. Оорудан кийин бейтаптарда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
Коронавирус оордугу боюнча 3 топко бөлүнөт. Жеңил, оор жана орто. Оорудан кийин ден-соолуктун калыбына келүүсү илдеттин түрүнө жараша өтөт. Демек, жеңил түрү менен ооругандар тезирээк ал эми оор түрдө ооругандар калыбына келүүсү үчүн убакыт керек. Көптөгөн бейтаптар оорудан кийин алы кетип, чарчап, тердеген сыяктуу белгилер коштолуп жатканын айтышууда. Жаш өнөкөт оорусу жоктор дагы тез калыбына келе алышат
3. Кантип калыбына келтирүү керек?
Көп өлчөмдө суу ичүү талап кылынат. Аларга ар кандай компот, чай, чалап кирет. Ошондо суткасына 3литрден кем эмес өлчөмдө суусундук ичүү керек. Ошондой эле дем алуу көнүгүүлөрүн сөзсүз түрдө жасоо керек. Анткени, коронавируста өзгөчө күч келип жаткан орган өпкө болуп эсептелгендиктен бул көнүгүүлөр зарыл. Аны интернет булактардан карап үйрөнсө болот.
4.Туура тамактанууга дагы өзгөчө маани берүү керектелсе керек?
Тамактануу дагы өтө маанилүү. Вирус иммунитетти алсыздандырат. Андыктан организмге керектүү азык заттарды, витаминдүү тамак- аштарды жеш керек. Витамин ичүү керек десек эле дарыканада сатылган препарттарды колдонууга шашылбастан учурдагы жаратылышта даяр болгон витаминдүү жемиштерди жеген натыйжалуу. Бул биздин организмге дагы жакшы сиңет. Ал эми дарыкананы витаминдерин кыш мезгилинде алып ичкен жакшы.
5. Ковидден кийинки организмди калыбына келтирүүдө кандай эрежелерди сактоо сунушталат?
Ооруп айыккандан кийин дагы санитардык эрежелерди сактоо сунушталат. Бир жолу ооруп айыккан бейтап 2-жолу оорунун жуктуруп албайт деген кепилдик жок. Андыктан дагы деле аралыкты сактоо, эл көп чогулган жерлерге барбоо, беткап тагынуу эрежелерин сактоо зарыл. Бирок, оорудум деп жатып алуу дагы болбойт. Тескерисинче адам өзүн алаксытып, бир нерсе менен алек болуп кыймылда болгону жакшы.
6. Калыбына келүү процесси канча убакытка созулат?
Бул жогоруда айткандай оорунун кандай түрү менен ооруганына жана организмдин өзгөчөлүгүнө жараша болот. Жеңил түрдө ооругандар бир эки айдын ичинде мурдагы калыбына келүүсү мүмкүн.
Эгер сиз ооруп айыксаңыз 10 маанилүү эрежени сунуштайбыз