Учурда Суусамыр айылдык штаб коронавируска каршы жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, массалык иш чараларды той-аш, куран айттыруу, юбилей өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлжамал Акылбекова айылдык штабдын ишмердүүлүгү тууралуу билдирди:
«2020-жылдын 4- февралда, Суусамыр айыл аймагында «коронавирус» вирусун алдын алуу боюнча аймактык ыкчам штабы күчүнө кирген. Штабдын төрагасы Урмат Отунчиев шайланган. Пандемия учурунда элге көп жардамдар берилди. Биринчи толкунда Суусамыр айыл аймагына блок пост коюлуп, айылга кирип-чыкканарды көзөмөлгө алып турдук. Массалык иштерге чектөөлөр киргизилип, той- аш, куран айттыруу, юбилей өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген. Экинчи толкунда мектептер аралыктан окутууга өтүшкөн маалда колдоо көрсөтүп турду. Көчөлөр хлор менен дезинфекцияланды.
Быйылкы жылы штабдын онунчу отуруму болуп өттү. Суусамыр айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңеш жаңыдан шайлангандыгына байланыштуу, штабдын төрагасы Максат Сейиткулов дайындалды. Учурда Суусамыр айылдык штаб коронавируска каршы жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, массалык иш- чараларды той-аш, куран айттыруу, юбилей өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген.
Суусамыр айылдык ооруканага күндүзгү стационар, кызыл зона ачылган. Айыл тургундарына вакцинация боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат».
Суусамыр «Айылдык ден-соолук комитетинин» жетекчиси Чолпон Кулсариева айылдык штаб менен биргеликте коронавируска каршы иш- аракеттерди кылып жатышкандыгын билдирди:
«Пандемия башталгандан тарта коронавирусту алдын алуу боюнча айылдык штаб менен биргеликте иш алып бардык. Айылга берилген акчалай жардамдарга дары алып келинди. Дары-дармектерди айылдарды кыдырып элдерге таратып жаттык. Учурда элге вакцина боюнча маалымат берип жатабыз».
Суусамыр айыл аймагынын активисти, студент Бекжан Джаныбеков ковидке каршы айылдык штабдын иши тууралуу оюн билдирди:
«Жергиликтүү кеңеш жаңы шайлангандыктан толугу менен ишке кирише электей. Жайыттардын жолдорун оңдоп, жарыктандыруу менен алек болуп жатышат көрүнөт. Ковидке каршы, ооруну алдын алуу иштерин көрө алган жокпуз. Жайлоолорго, жол жээкте соода кылгандарга, маалыматтан алыс үй-бүлөлөр менен тыгыз иштешсе дейм. Жайлоодо беткап тагынып, аралыкты сактаган соода-сатык кылган сатуучулар жокко эсе. Балам ооруп жатат, үй-бүлөбүз менен ооруп жатабыз дегендер көп эле болуп жатат. Жергиликтүү кеңеш, Суусамыр орукананын дарыгерлери менен биргеликте жайлоолорду кыдырып ооруну алдын алуу, тазалык, вакцина боюнча маалыматтарды беришсе жакшы болот деп ойлойм».
Айдана Токтобекова