Кара-Чий айылында Жерге-Тал айылдык жайыт комитети аркылуу уюшулган көчмө кыркын алгачкы ишин баштады. Көчмө кыркында беш аграгад иштеп жатат.

«Буга чейин биздин айылдын тургундары койлорун кол кайчы менен кыркып келишкен. 2015-жылы АРИС уюумунун долбоору аркылуу көчмө кыркындын инвертарларын толугу менен алып келдик. Биздин алгачкы ишибизди Кара-Чий айылынан баштадык. Азырынча үч кыркынчы иштеп жатат»-деп билдирди Жерге-Тал айылдык жайыт комитетинин төрагасы Алма Өмүров.

Кара-Чий айылынын тургуну Табылды Шоңкоев буларга токтолду:-«Бизге кой кыркууда көп жеңилдик болду. Мурда койлорубузду беш-алты күндө кыркып бүтчүбүз. Бул машинкалар жакшы экен. Койлорубузду таза ылдам бир күндө кыркып бүтүштү. Баасы дагы арзан экен. Көчмө кыркынды уюштурган Алмаз байкеге ыраазычылымды билдирем».
Даярдаган: Аман Шаршенбек уулу