Семинар Проон аркылуу уюштурулуп айыл өкмөтөрдүн бири-бири менен тажрыйба алмашуу жана Кулатов айыл өмөтү менен таанышуу максатында өткөрүлдү. Кулатов айыл өкмөттүнүн жетишкен ийгиликтерин көрүп кетишти.
Ош облуслунун коокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө болгон семинарда Чүй,Нарын,Талас областарынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана юристери жана башка адистери келди.

“Биз көбүнчө тажрыйба алмаштык бири бирибиздин билген тажрыйбаларыбызды бөлүштүк.Окуучулардын да “Кайдигерликтин капканы” деген темада көчө театрын аткарып беришти.”-деп өз сөзүн аяктады Атокурова Жаңыл Чүй областынын Бурана Айыл өкмөттүнүн социялдык коргоо боюнча адиси.

Семинар консерттик програма менен да коштолду.Кулатов айыл өкмөтү эн мыкты айыл өкмөтөрдүн катарында тургандыктан бул семинирга келгендер өз ыраазычылыгын билдиришти.

“Биз Чүй облусунун Чүй районунун өкүлчүлүктөрү аларда болгонун бизге бөлүшүп,бизде болгонун алар менен болүшүштүк. Биз бул жака биринчи жолу келип жатабыз биринчи келгенде эле салыштырганга болбойт,эми экинчи келгенде өзгөрүүлөр байкалат.Бүгүңкү уюштурулган иш чара боюнча ыраазымын. Бул айылдын тургундары үчүнжасалган шарттары мени канаттандырды себеби убара болбой баардык кызматтар районадан келет экендагы баары иштерин бир кабинеттен бүтүрө алышат экен. Бизде мындай иш боло элек бизге абдан жакты”-дейт Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябр аылынан юристи Тынчтыкбек Жусупбеков.

Автор: Жаңылай Толкунбк к
Сынак үчүн
КК