Кызыл-Туу айылынын тургуну Абай Өмүркулов кулпунай, малина, арпа өстүрүү менен алектенет. Кулпунайды негизинен күнүмдук турмушта базарга алып чыгып сатат.
Кызыл-Туу айылынын тургуну Абай Өмүркулов кулпунайды үч жылдан бери өстүрөт. Анын айтуусу боюнча 25 сотых жерден сезонунда 70-80 чака түшүм берет. Жер жемишти үч жылда бирден жер которуп алмаштырып туруш керек. Дыйкан кулпунайды Кыргызстандын эле базарларына чыгарбай чет өлкөгө да жиберет.

«Жазында ден-соолука зыяндуу химикатарды колдонбой таза табигый жер семирткичтерди колдонобуз», — дейт Өмүркулов.
Кулпунайды өстүрүүдө отоо чөбүн, мурутчаларын үзүп тазалаш керек. Кулпунай мөмөсүн кар түшкөнгө чейин берет. Кышкыга даярдаштын кереги жок. Жазында суюлтуп, түбүн жумшартып коюш керек. Айына 3-4 жолу сугарылат.

Тапкан каражатына үй-бүлөөсүн каржылайт. «Башка жер жемиштер быша электе кымбат сатабыз. Жайында арзандап кетет», — деп айтты Өмүркулов.

Кулпунай элдик медицинада жүрөк ооруга, жалбырагы кан тазалагыч болуп эсептелинет.
Даярдаган: Нуриза Кубатбек кызы, Анара Уметбекова, Ислам Мирлан уулу, Жоомарт Коргонбаев.