Лейлек районунун Андарак 1 орто мектебинде туура кесип тандоо боюнча тренинг өтүлүүдө. Аны Сухроб Эргашев алып барат.
Эргашевдин айтымында, тренинг жумасына эки жолу 16 окуучунун катышуусунда өткөрүлүп турат.

Бул тренинг кесип тандоо багытында өтүп жатканын, көп жаштар алдына койгон максаты үчүн аракет кылбайт жатканын айтат Эргашев. Ошол көйгөйдүн алдын алуу үчүн Сухроб Эргашев ушул тренингди уюштурган.
Тренингге катышып жаткан Алимкул Баймуратов Андарактагы Манас орто мектебинин окуучусу.
“Келечекте юрист болууну каалаймын. Сухроб агай мага юрист жана башка кесиптер жөнүндө кененирээк түшүндүрдү», — деди ал.

Тренингдин уюштуруучусу кошумчалагандай, ар бир бала сабакты калтырбай катышса июнь айында тоого эс алганы алып бармакчы.

“Биз тренингге катышкан балдар менен кошо Лейлек районунун адиминистрациясына экскурцияга алып барганга аракет кылам. Эгер Баймурат Асатович бош эмес болсо башка күндөрү алып барам. Биздин негизги максатыбыз — жаш келечек ээлерине туура кесип тандоого кичине болсо да жардам көрсөтүү”, — деп кошумчалайт Эргашев.

Даярдаган: Нурислан Жанибеков
Сынак үчүн