Нарын районунун Учкун айылындагы Чоро Кожомжаров маданият үйүндө Тыныбек Жапы уулунун 170 жылдыгына карата “Бабам Манас осуяты” аталышындагы өрөөндүк фестиваль 20-май күнү өттү. Бул уюшулуп жаткан иш-чаранын жеңүүчүсү жакында Миң-Булакта боло турган Республикалык деңгээлдеги фестивалга жолдомо алды.
Фестивалдын уюштуруучусу Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүнүн жетекчиси Мирлан Дүйшекеев иш-чаранын өрөөндө экинчи ирет өткөрүлүп жатканын айтты.

Бул иш чарага төрт айылдын 7 жаштан 70 жашка чейинки таланттары катышышты. Калыс болуп Нарын районунан атайын кызматкерлер келишкен.

Иш-чаранын эң эле кенже катышуучусу 1-класстын окуучусу Айдарбеков Тилек болду. Тилек Манас айтуу өнөрүн өзүнүн мугалим эжесинен үйрөнгөн.
“Мен мындай сынакка биринчи жолу катышуудамын, келечекте манасчы же милиция болгум келет», — дейт Тилек.

Аталган фестивалдын катышуучусу Абдылда Аралбаев мектебинин тарых мугалими Ишенбек уулу Стам Миң-Булакка жолдомо алды.
“Манасты мектепте окуп жүргөндө эле айтчумун, бул фестивалда Миң-Булакка жолдомо алам деп ойлогон эмесмин”, — деди.

Ошондой эле Ишенбек уулу Стам эми бар күчүн ушул фестивалда өз өрөөнүн татыктуу көрсөтүүгө аракет кылаарын айтты.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек мукамбет уулу
Сынак үчүн