Конкурска Үч-Коргон, Ак-Турпак, Масалиев жана Айдаркен айыл өкмөттөрү акыйнек айтуу, таш көтөрүү, бий жана башка шарттар боюнча мелдешишти. Кадамжай районун акими Акрам Камбаралиев 100 миң сом байге койгон.
Аталаган конкурста ар бир айыл өкмөтү өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын, концерттик программаларын тартуулашты.
Кадамжай районун акими Акрам Камбаралиевдин айтымында, бул майрам улуттар арасында достук жана ынтымакты бекемдөөгө салым кошуу максатында уюштурулган. Айыл өкмөттөрү акыйнек айтып, таш көтөрүп, бий жана башка шарттар боюнча күч сынашты.
«Мына бүгүн төрт айыл өкмөтү ортосунда конкурс өткөрүлүүдө. Жеңүүчү деп табылган айыл өкмөтү 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болот. Ар бир айыл өкмөтү конкурста жеңишке жетүүгө аракет жасашууда. Бардык катышуучуларга ийгилик каалаймын», — деп билдирди Акрам Камбаралиев.
Райондун акими кошумчалагандай, август айында дагы башка айыл өкмөттөр да катышкан сынак уюштурулмакчы.

Жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген айыл өкмөтү жылда өтүүчү Ысык-Көлдөгү көчмөндөр оюнуна катыша алышат.
Конкурстун жыйынтыгында Масалиев айыл өкмөтү биринчи орун, Үч-Коргон айыл өкмөтү экинчи орунду, Ак-Турпак жана Айдаркен айыл өкмөтү 3-4 орундарды ээлешти.
Даярдаган: Нусратуллаев Сайёдбек
Сынак үчүн