2016-жылдын 26-ноябрында, Кызыл-Жылдыз айылынын М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары жана кыргыз тили мугалими Айсулуу Мустапаеванын уюштуруусунда “Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан” аттуу адабий кече болду.

Бул кечеге 5-6-7-класстардын окуучулары күч сынашып, Чыңгыз Айтматовдун докладдарын көркөм окуп, сценкаларын аткарыштып жана Чыңгыз Айтматовго арнап ырларды жазышып, көркөм окуп беришти.

Бул тууралуу кеченин алып баруучусу, 11-класстын окуучусу Сыймык Жаныбеков буларга токтолду:
“Чыңгыз Айтматовдун адабий кечеси жакшы деңгээлде өттү. Окуучулардын аткарган сценкалары көптөгөн адамдардын көңүлүн бурду, бизге дагы жакшы маанай тартуулады. Бул кечени 11-класстын окуучулары уюштурганбыз. Мындан кийин дагы ушундай кечелерди уюштурганга аракет кылабыз.”

Жана ошондой эле бул кеченин уюштуруучусу жана кыргыз тили сабагынын мугалими Айсулуу Мустапаева өз оюн мындайча билдирди:
“26-ноябрь күнү “Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан” аттуу адабий кече өттүк. Бул кечеден кийин окуучулар Чыңгыз Айтматовго болгон кызыгуусун арттырат деп ойлоймун. “
Белгилей кетсек жеңүүчүлөр 6-“б” класстын окуучулары болду. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер жана ардак грамоталар тапшырылды.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков