Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата ачык сабак өтүлдү.

Анда СПИД кантип жаралат, аны алдын алуу жолдору, жуктуруп алгандар кантип дарыланыш керек экени жөнүндө сөз болду.

Ачык сабакка катышкан 11-классынын окуучусу Нуржамал Абдикерим кызы сабактан СПИД жөнүндө көп нерсени билип алганын айтат.

Ачык сабакты өткөн Нышанов орто мектебинин мугалими Барчын Кудайбердиева «Азыркы жаштардын СПИД менен ооруусу көп болуп кетти. Ошондуктан биз жаштарды бул ооруга себеп болбоосу үчүн ушул теманы тандадык» деп айтып өттү.

Даярдаган: Садирали кызы Эльвира
Редактор: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн